КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Ат атооч›Сурама ат атоочтор

Сурама ат атоочтор

Белгисиз заттардын же башка түшүнүктөрдүн атын атап билүү максатында аларды аныктоо үчүн колдонулган ат атоочтор сурама ат атоочтор деп аталат. Аталышы эле айтып тургандай булар дайыма суроо салат. Көбүнчө суроолуу сүйлөмдөрдү уюштурат. Мисалы: Кайсы сөз бүткүл бойдон жоон, кайсы сөз ичке угулат? (К.Тыныстанов) Сурама ат атоочтор булар: ким? эмне? канча? нече? кайсы? качан? кайда? ж.б.

Сурама ат атоочторду алар жоопту талап  кылган маанилерге карата өзүнчө топторго бөлсөк болот.

  1. Жооп катары зат атоочторду талап кылган сурама ат атоочтор: ким? эмне? Жана булардын өзгөргөн бардык формалары.
  2. Жооп катары сын атоочторду талап кылган сурама ат атоочтор: кандай? кайсы?
  3. Жооп катары сан атоочторду талап кылган сурама ат атоочтор: канча? нече? канчанчы? неченчи? канчоо? нечөө?
  4. Жооп катары тактоочторду талап кылган сурама ат атоочтор: кайда? кайдан? качан? кана?
  5. Жооп катары этиш сөздөрдү талап кылган сурама ат атоочтор: эмне кылып жатат? эмне болду? эмне кылат? ж.б.

Сурама ат атоочтордун өзгөрүшү да мына ушул топторго ылайык жооп болуп түшө турган сөздөрдүн өзгөрүү өзгөчөлүгүнө жараша жүрөт. Контексттеги маанилерине байланыштуу алар суроо маанисин туюндурбай да калышат. Мисалы: Качан келгени билинбей алдыңкы катарге отуруп калыптыр. («Эркин Тоо») Сугат, отоо, апийимди суюлтуу. Кандай сонун, кандай кызык чөп чабык. (А.0смонов) Ким иштебесе, ал тиштебейт. (Макал)

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Сурама ат атоочтор