КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Ат атооч›Шилтеме ат атоочтор

Шилтеме ат атоочтор

Шилтеме ат атоочтор бирөңчөй заттардын же түшүнүктөрдүн ичинен кайсы бирин жалпылап бөлүп көрсөтөт. Мисалы: Ошол ар бир мазарга табынуунун ырааты, айтар ниет-тилек сөздөрү жана жол-жобосу болгон.  (К. Жусупов) Шилтеме ат атоочтор темөнкүлөр: бул, ушул, ошол, тигил. Мейкиндик көрүнүшүнө ылайык шилтеме ат атоочтор сүйлөп жаткан кишиге карата жакын же алыс аралык маанилерин да билдирет. Мисалы, бул (бу), ушул (ушу) сүйлөөчүгө жакын эле жердеги затка карата, ошол (ошо) алардан алысыраак жердеги затка карата, тигил (тиги) андан алыс жердеги затка, тетигил (тетиги) андан да алыс жердеги затка, тээтигил (тээтиги) бир топ эле алыс жердеги затка карата колдонулат.

Шилтеме  ат  атоочтор  өзгөргөн  учурда  алардын  аяккы тыбышы (л тыбышы) түшүп калат.

Булар  адатта  зат  атоочторду  алмаштыргандыктан,  зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрөт.

Таандык менен өзгөрүшү

бул

1-жак

мунум

мунубуз

2-жак

мунуң, мунуңуз

мунуңар, мунуңуздар

3-жак

мунусу

мунусу (булары)

 

 

ушул

1-жак

ушунум

ушунубуз

2-жак

ушунуң, ушунуңуз

ушунуңар, ушунуңуздар

3-жак

ушунусу

ушунусу (ушулары)

 

ошол

1-жак

ошонум

ошонубуз

2-жак

ошонуң, ошонуңуз

ошонуңар, ошонуңуздар

3-жак

ошонусу

ошонусу (ошолору)

 

тигил

1-жак

тигиним

тигинибиз

2-жак

тигиниң, тигиниңиз

тигиниңер, тигиниңиздер

3-жак

тигиниси

тигиниси (тигилери)

 

Шилтеме ат атоочтордун бардыгынын жалпы таандык мүчө менен өзгөрүшү бир кылка жүрөт: мунуку, мунусунуку, ушунуку, ошонуңдуку, тигиниңиздики,  тигилердики, тээтигиники ж.б.

 

Жөндөмөлөр менен өзгөрүшү

 

А

бул

ушул

ошол

тигил

ушунуку

И

мунун

ушунун

ошонун

тигинин

ушунукунун

Б

буга

ушуга

ошого

тигиге

ушунукуга (-на)

Т

муну

ушуну

ошону

тигини

ушунукун

Ж

мында

ушунда

ошондо

тигинде

ушунукунда

Ч

мындан

ушундан

ошондон

тигинден

ушунукунан

 

А

мунум

ушунуң

тигиниси

И

мунумдун

ушунуңдун

тигинисинин

Б

мунума

ушунуңа

тигинисине

Т

мунумду

ушунуңду

тигинисин

Ж

мунумда

ушунуңда

тигинисинде

Ч

мунумдан

ушунуңдан

тигинисинен

 

Жак мүчөлөрү менен да өзгөрүү өзгөчөлүгүнө ээ. Бул учурда шилтеме ат атоочтордун аяккы л тыбышы сакталат. Мисалы: ошолмун, ошолсуң, ошолсуз, ошол; ошолбуз, ошолсуңар, ошолсуздар, ошолор (ошол), булмун, тигилмин ж.б. Шилтеме ат атоочтордун өзгөргөн мындай формалары тилде өтө эле сейрек колдонулат.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008