Эрежелер›Морфология›Ат атооч›Жактама ат атоочтор
Жактама ат атоочтор
Жактама ат атоочтор сүйлөөчү, тыңдоочу жана сөзгө катышпаган тараптарды (жактарды) атайт. Башкача айтканда, сүйлөп жаткан тарапты биринчи жак дейбиз да, мен, көптүк санда биз деп атайбыз. Анын сөзүн тыңшап жаткан тарапты экинчи жак дейбиз да, сен (сиз), көптүк санда силер (сиздер) деп атайбыз. Ал эми сөзгө катышпаган тарапты үчүнчү жак дейбиз да, ал, көптүк санда алар деп атайбыз.
Биринчи жак менен экинчи жак адамга карата гана айтылат. Анткени адам гана сүйлөп, адам гана сөздү тыңшап жооп берет. Ошондуктан булар адамзаттык зат атоочторду алмаштырып, алардын ордуна колдонулат да, ошого жараша өзгөрүү өзгөчөлүгүнө ээ болот. /чүнчү жак адамзатка карата да, адамзаттык эмес заттарга карата да айтыла берет. Анткени, сөзгө катышпай сөз болуп жаткан тарап адам да, жаныбарлар да, башка нерселер да боло берет.
Жактама ат атоочтордун өзгөрүшү. Ат атоочторду башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулат дедик. Жактама ат атоочтор адатта зат атоочтордун ордуна колдонулгандыктан зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрөт.
Таандык категориясы боюнча бир кылка өзгөбөйт. Себеби булар ошол таандык кыла турган тараптардын өздөрүн атайт. Биринчи жана экинчи жактын ат атоочтору (мен, сен, сиз, биз, силер, сиздер) жакчыл таандык болуп өзгөрө бербейт. Бирок, булар да тилдин жандуу жүрүшүндө айрым бир кырдаалдарга ылайык жакчыл таандык мүчөлөрүн кабыл алышы мүмкүн. Мисалы: Сизиң-бизиң сылык сөз, сен дегениң сенек сөз. (Макал)
Жакчыл таандык мүчөлөр менен үчүнчү жактын жактама ат атоочу гана өзгөрөт:
- аным, аныбыз;
- аның, аныңыз, аныңар, аныңыздар;
- анысы (алары)
Жалпы таандык мүчө менен жактама ат атоочтордун бардыгы өзгөрөт: меники, биздики, сеники, сиздики, силердики, сиздердики, аныкы, алардыкы, аныңыздыкы, анысыныкы, аларыңыздыкы ж. б.
Жактама ат атоочтор жөндөмө категориясы боюнча да өзгөрөт. Зат атоочтун жөнөкөй жана таандык жөндөлүштөрүнө дал келе бербейт.
| А | мен | сен | сиз | ал |
| И | менин | сенин | сиздин | анын |
| Б | мага | сага | сизге | ага |
| Т | мени | сени | сизди | аны |
| Ж | менде | сенде | сизде | анда |
| Ч | менден | сенден | сизден | андан |
| А | биз | силер | сиздер | алар |
| И | биздин | силердин | сиздердин | алардын |
| Б | бизге | силерге | сиздерге | аларга |
| Т | бизди | силерди | сиздерди | аларды |
| Ж | бизде | силерде | сиздерде | аларда |
| Ч | бизден | силерден | сиздерден | алардан |
| А | меники | сеники | аныкы | биздики |
| И | меникинин | сеникинин | аныкынын | биздикинин |
| Б | меникиге(-не) | сеникиге(-не) | аныкыга(-на) | биздикиге(-не) |
| Т | меникин | сеникин | аныкын | биздикин |
| Ж | меникинде | сеникинде | аныкында | биздикинде |
| Ч | меникинен | сеникинен | аныкынан | биздикинен |
Жактама ат атоочтор жак категориясы боюнча да бир кылка өзгөрүүгө ээ эмес. Алар өзүнчө турганда ар бир жактын өзүнө гана тиешелүү болуп өзгөрөт: менмин, сенсиң, сизсиз, ал; бизбиз, силерсиңер, сиздерсиздер, алар. Ал эми жактама ат атоочтор жалпы таандыкта турганда өздөрүнөн башка жактарга тиешелүү болуп да өзгөрөт: меникисиң, меникисиз, меники, меникисиңер, меникисиздер, меники; сеникимин, сиздикимин, аныкымын, силердикимин, сиздердикимин, алардыкымын.
Жактама ат атоочтор барыш, жатыш жана чыгыш жөндөмө формаларында туруп деле жак боюнча өзгөрө бериши мүмкүн: мендесиң, бизденсиңер, магасың, силергемин, силердикиненбиз, биздикиндесиңер ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008