КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Ат атооч›Ат атооч

Ат атооч

Ат атооч сөздөр башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулат. Булар заттарды, түшүнүктөрдү же заттардын кайсы бир белгилерин атабай туруп, аларды жалпылап көрсөтөт. Ат атооч сөздөрдүн маанилери абстракттуу болот. Алар сүйлөм тизмегинде гана конкреттүү маанилерди билдирет. Мисалы, Ал базарга барып келди десек, сөздүн ким жөнүндө болуп жатканы бизге белгисиз, башкача айтканда, ал деген сөз кимди билдиргени белгисиз. Ат атоочтун мааниси конкреттүү болгон жок. Ал эми  Жаныбек бүгүн эрте турду. Ал базарга  барып келди десек, сөздүн Жаныбек жөнүндө болгону бизге ал деген ат атооч аркылуу белгилүү болуп турат. Жаныбекти кайра-кайра айта бербестен аны ал деп, ат атооч менен алмаштырып айттык. Ат атоочтун мааниси биринчи сүйлөм аркылуу конкреттүү болду.

Ат атоочтун өзүнө тиешелүү суроолору жок. Ат атооч сөздөр кайсы сөз түркүмүнүн ордуна колдонулса, кайсы сөз түркүмүнө тиешелүү болуп айтылса, ошол сөз түркүмүнүн суроосуна жооп бере берет. Мисалы, Бүгүн кезек Касымга жетти, Касымдын үйү буурул таңды көз жашын көлдөтүп, томсоргон айнегин өчкөн от кылып көргөзүп тосуп алат окшоду. Ал жашаган көчө Карл Маркс атындагы көчө эле, үй помери 53. (С. Станалиев) Бул жерде ал деген ат атооч Касым деген зат атоочтун ордуна колдонулду, зат атоочтун ким? деген суроосуна жооп берип турат.

Ат атоочтор кайсы сөз түркүмүнүн ордуна колдонулса, шартка жараша ошол  сөз түркүмүнүн  грамматикалык категориялары  боюнча өзгөрө  берет.  (Мындай  өзгөруүлөр төмөндө ат атоочтун түрлөрүндө келтирилет).

Ат атоочтор башка сөздөрдөн жасалбайт, татаал ат атоочтор гана сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалышка ээ. Мисалы, алда кандай, алда не, ар ким, кайсы бир, кандайдыр бир, кимдир бирөө, эч кандай, эч ким, эч нерсе ж.б.

Ат атоочторду алардын маанилерине жараша бир нече топторго бөлүп карайбыз.

  1. Жактама ат атоочтор: мен, сен, сиз, ал, биз, силер. сиздер, алар.
  2. Шилтеме ат атоочтор: бул (бу), ушул (ушу), ошол (ошо), тигил (тиги), тетигил (тетиги).
  3. Сурама ат атоочтор: ким? эмне? кайдан? кандай? кайсы? качан? кана? канча? канчанчы? кайда? ж.б.
  4. Тангыч ат атоочтор: эч бир, эч кайда, эч кайдан, эч кайсы, эч кандай, эч качан, эч ким, эч нерсе, эчтеме ж.б.
  5. Аныктама ат атоочтор:  ар бир, ар ким, ар нерсе, ар кайсы, ар качан, баары, бардык, бүт, бүткүл, өз ж.б.
  6. Белгисиз ат атоочтор: алда кайда, алда качан, алда не, бирдеме, бир нерсе, бир нече, кай бир, кайсы бир, кимдир бирөө, эмнегедир ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат