Правила›Лексикология›Синоним деген эмне
Синоним деген эмне
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
Синоним деген термин грек тилинин Sunonumos — «атташ», «мааниси бирдей» деген сөзүнөн алынган. Демек, айтылышы, тыбыштык түзүлүшү жагынан ар башка, бирок мааниси бири-бирине жакын болгон сөздөрдү маанилеш сөздөр же синонимдер деп атайбыз. Мисалы, кичинекей — кенедей: кубан — сүйүн: калаа — шаар: мейман — конок: ал — дарман — кубат; адеп — ыйбаа; баа — кун; оокат — даам — аш — тамак; ат — ысым; мартаба — даража: нан — токоч ж.б. Тилдин сөздүк составынын өнүгүшү синонимдердин байышына да шарт түзөт. Ал эми синонимдер — тил байлыгынын да айкын күбөсү, б.а. , тилде синонимдер канчалык көп болсо, ал тилдин көркөмдүк дарамети, каражаты да ошончолук артат, байыйт. Синонимдер, жалпысынан, бири-бирине маанилеш болгону менен, кепте колдонулуш даражасы (жыштыгы), стилдик мүнөзү, маанилик оттенкалары боюнча бардык учурда эле бирдей боло бербейт. Мисалы, кызганчаак — күнүчүл; шарт — ылаазым: обон — абаз; коп — орошон: үмүт — тилек — күдөр; дубана — дербиш — календер; кумар — ышкы ж.б. деген сыяктуу синоним сөздөрдүн биринчи түгөйлөрү (кызганчаак, шарт, обон ж.б. ) кепте активдүү колдонулса, алардын белгиленген экинчи түгөйлөрү (күдөр, абаз, ышкы, дербиш, календер ж.б. ) колдонулушу жагынан пассивдүү келет. Муну менен катар синонимдер маанилик оттенкалары боюнча да өз ара айырмаланышат. Алсак, кичинекей — кенедей, оор — зал; жакшы — түзүк — дурус деген сыяктуу синонимдик түгөйлөрдүн маанилик оттенкалары бирдей эмес. Мисалы, кичинекей бала — кенедей бала, же кичине эле калды — кенедей эле калды деген сөз айкаштарындагы синоним сөздөр бирин экинчиси толук алмаштырганына карабастан, маанилик оттенкалары жагынан бири-бирине дал келбейт, б.а. , кичинекейге караганда кенедейдин көлөм белгиси алда анча басыңкы. Ушу сыяктуу эле жакшы адам — дурус адам; жакшы иш — дурус иш деген сөз айкаштарындагы жакшы — дурус синонимдери сапат-касиеттин ар кандай деңгээлин билдирип, маанилик оттенкалары боюнча өз ара айырмаланып турушат. Сөздөрдөгү семантикалык жалпылык алардын синонимдештигин аныктоочу белги болуп саналат. Ал эми ошол семантикалык жалпылыктын негизинде бир уяга бириккен эки же андан ашык сөздөрдүн тобу синонимдик катар деп аталат. Демек, синонимдик катарлар — жалпы бир түшүнүктүн, маанинин тармактык бөлүктөрү. Синонимдердин негизги белгилери төмөнкүлөр: 1) Синоним сөздөр семантикалык жактан бирдей же жакын түшүнүктү билдиришет; 2) өзүлөрүнүн мүнөзү, маанилештиги боюнча дайыма бир сөз түркүмүнө тиешелүү болот; 3) синонимдер, негизинен, бирдей маанини билдиргендиктен жана бир гана сөз түркүмүнө тиешелүү болгондуктан, бирдей грамматикалык формада келишет да, синтаксистик бирдей милдет аткарышат. Синонимдердин табиятын өздөштүрүүдө жана синонимдер сөздүгүн түзүүдө синонимдик катарларды аныктоонун мааниси зор. Муну аныктоо үчүн аларды бириктирүүчү жалпы мааанини табуу керек. Мындай жалпы маани, негизинен, ошол синонимдик катарларды түзүүчү доминанттын — өзөктүн мааниси менен тыгыз байланыштуу. Ал эми өзөк катары келүүчү сөз өзүнүн маанилик табияты боюнча төмөнкүдөй белгилерге ээ: 1) стилдик жактан бейтараптуу (нейтралдуу) келет; 2) адабий тилде активдүү колдонулат; 3) өзүнүн түгөйлөрүнө караганда нерсени кененирээк, толугураак чагылдырат, б.а. , маанилик жактан кеңири болот. Мисалы. азайтуу — кемитүү — кыскартуу; бат — тез — дароо — ылдам, чапчаң — заматта; жоош — момун; конок — мейман; кыял — кылык; кызык — сонун ж.б. Синонимдик катарлар өз ара маанилик жактан ар кандай мүнөздө болушу ыктымал, тагыраак айтканда, алар өз ара маанилеш болгону менен, дайыма эле биринин ордун экинчиси абсолюттуу түрдө алмаштыра албайт, б.а. , ар биринин өзүнө тиешелүү кошумча мааниси болот. Кыскасы, синонимдердин айрымдары маанилик жактан өтө жакын келип, көпчүлүк учурларда биринин ордун экинчиси алмаштырса, кээси мындай касиетке ээ боло албайт. Дагы бирлери өз алдынча турганда эмес, контекстте гана маанилик жакындыкка ээ болушат. Ошондуктан синонимдерди мындай маанилик ар түрдүүлүгүнө карата төмөнкүдөй түрлөргө ажыратууга болот: 1) толук синонимдер; 2) толук эмес синонимдер; 3) контексттик синонимдер.
Источник: «Кыргыз тилинин лексикологиясы жана фразеологиясы», 1997