Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы›2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы›31-§. Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр…
31-§. Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр…
Адат өткөн чактын -чу мүчөсү уланган этиш сөздөр жазчу, тергечү, ширетчү, бакчу, иштечү түрүндө гана жазылат.
Эскертүү: этиш сөздөрдүн -ычу, -учу, -үчү формасында жазылышына жол берилбейт: барычумун эмес, барчумун, келүчүмүн эмес, келчүмүн ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 31-§