КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы›2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы›32-§. Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр б, в,…

32-§. Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр б, в,…

Башка тилдерден өздөштүрүлүп, аягы жумшак үнсүздөр б, в, г, д, ж тыбыштары менен бүткөн сөздөргө уланган мүчөнүн башкы үнсүзү каткалаңдашып айтылганы менен, жазууда ага жол берилбейт: педагогко эмес, педагогго; Калининградта эмес, Калининградда; Гамбургка эмес, Гамбургга; Алиевтин эмес, Алиевдин ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 32-§