Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IV. Жөнөкөй сөздөрдүн жазылышы›2. Сөз мүчөлөрүнүн жазылышы›33-§. Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн…
33-§. Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн…
Аягы к, п тыбыштары менен бүткөн сөздөргө үндүүдөн башталган мүчө жалганса, алар г, б тыбыштарына өтүп айтылышы боюнча жазылат: көк+ыш=көгүш, бак+ар=багар, чап+уу=чабуу, китеп+ы=китеби, бак+ында=багында, топ+ым=тобум ж.б.Эскертүү: тууранды сөздөрдө бул тыбыштар жумшарбайт: такылда, чакылда, бапылда, тапылда ж. б.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 33-§