КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›66-§. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштары

66-§. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштары

Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын жана эл аралык уюмдардын аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат: Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту, Бириккен Улуттар Уюму, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги, Шанхай Кызматташтык Уюму ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 66-§