Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›67-§. 1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом,…
67-§. 1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом,…
1. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Билим берүү жана илим министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча мамлекеттик фонду, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия.
2. Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен жазылат: Кыргыз улуттук университетинин филология жана кыргыз таануу факультети, Тил жана адабият институтунун азыркы кыргыз тили сектору ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 67-§