КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›70-§. Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик,…

70-§. Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик,…

Министр, президент, төрага, деректир, орун басар, доктор, академик, баатыр, эмгек сиңирген ишмер, маршал, генерал, катчы ж.б. кызмат орундарын, атайын наамдарды, илимий даражаларды билдирүүчү сөздөр энчилүү аттар менен кошо айтылганда да кичине тамга менен жазылат: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер       академиясынын       академиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү ж.б.

Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Баатыры өңдүү расмий аталыштардын бардык сөзү баш тамга менен башталып, айрым-айрым жазылат.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 70-§