КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VI. Энчилүү аттардын жазылышы›71-§. Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн,…

71-§. Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн,…

Завод-фабрика, театр, ашкана, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дүкөн, басма, мекеме, гүлбак, аянттардын энчилүү аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: «Ала-Тоо» аянты, «Эркиндик» гүлбагы, «Байсуу» кафеси, «Айсулуу» сулуулук салону, «Бишкек» мейманканасы, «Жыргал» мончосу, «Илим» басмасы, «Чолпон» бут кийим тигүү фабрикасы, «Кыял» бирикмеси.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 71-§