КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VII. Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы›75-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан…

75-§. Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан…

Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан өздөштүрүлүп, кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө баш ийдирилген сөздөрдүн айтылышы боюнча жазылышына жол берилет: белет, ашмүшкө, бардеңке, ирет, көзүр, саржан, мүштөк, момпосуй, тамеки, чыт, чиркөө, сот, борум, догдур, көпөс, жашик, самоор, керебет, үстөл, үтүк, пол, панар, гезит, бекет, кемсел, номур, мүнөт, мискей, шапке, шопур, жаркөп, машине, меш, деректир ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 75-§