КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›VIII. Ташымал›86-§. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т,…

86-§. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т,…

Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг, г сыяктуу кыскартылган сөздөрдү өзүнчө бөлүп ташууга болбойт. Булар өзүнөн мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: 10 км, 20 дм, 75 см; 10 т., 100 ц., 125 кг., 67 г.

Эскертүү: жазуу эрежелеринде келтирилген мисалдарга окшош сөздөрдүн жалпы тизмеси ушул эреженин негизинде түзүлүүчү практикалык колдонмодо жана орфографиялык сөздүктө берилет.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 86-§