КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IX. Дефис менен жазуунун эрежелери›87-§. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына…

87-§. Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына…

Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына да дефис коюлат: Пай-пай-пай!  Эмгек сүйгөн кишилер алп экен го! (Сыдыкбеков). Ха-ха-ха! Чүкө салган тулубум. Ташта, энеке! Кереги жок мунуңун (Турусбеков).

Кобур-собур эткен сөздөр, бирин-серин чакырышкан үндөр, тарс-тарс дабыштар Жапарга угулуп турду (Баялинов).

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 87-§