КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IX. Дефис менен жазуунун эрежелери›88-§. Иреттик сан цифра аркылуу берилгенде

88-§. Иреттик сан цифра аркылуу берилгенде

Эгер иреттик  сан цифра  аркылуу берилсе, анда  дефис - ынчы, (-нчы) мүчөсүнүн ордуна, цифрадан кийин коюлат: 2008- жыл, 16-ноябрь, 4-класстын окуучусу, жыйналыштын 2- маселеси – эмгек тартиби жөнүндө.

Эскертүү: 1. Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат: XIX кылымдагы орус адабиятынын тарыхы. Кыргыздардын ХVI- ХVII кылымдардагы экономикалык жана саясий абалы. Окуу жылынын III чейреги.

2. Иреттик сан атоочтордун ордуна N белгиси коюлса, андан кийин дефис белгиси келбейт, анткени N белгисинин өзү иреттик маанини билдирет. Мисалы: N 69 орто мектеп, N 1 китепкана ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 88-§