Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IX. Дефис менен жазуунун эрежелери›89-§. 1. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк…
89-§. 1. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк…
- Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: отуз-кырк чамалуу кой-эчки, 5-6 киши, төрт-бештен бөлүштүрүү, жашы 40-45 чамасында.
- Төмөнкүдөй кыскартуулар же толук айтылган сөздөр менен цифралардын арасына да дефис коюлат: ТУ-154, ИЛ-62, АН-10, «Восток-1″ Мерседес-600, Ауди-100, «Союз-9″ космос корабли, Пентиум-4 компьютери.
Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 89-§