КыргызчаРусский

Эрежелер›Кыргыз тилинин жазуу эрежелери›IX. Дефис менен жазуунун эрежелери›90-§. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же…

90-§. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же…

Адамдардын илимий даражасын, адистигин, кызматын, наамын, ченин же башка белгилерин көрсөтүүчү татаал сөздөр, жандама аныктоочтуу сөздөр да дефис аркылуу жазылат: мүчө- корреспондент, зоотехник-селекционер, механизатор-айдоочу, акын-драматург, врач-терапевт, премьер-министр, генерал- лейтенант, экс-чемпион, статс-катчы ж.б.

Эскертүү: төмөнкү кызмат наамдары, аскердик чендер дефис коюлбай жазылат: башкы кол башчы, улук лейтенант, медицина кызматынын капитаны.

Булагы: «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери», 2008, 90-§