Эрежелер›Морфология›Этиш›Аркылуу мамиле
Аркылуу мамиле
Аркылуу мамиледе кыймыл-аракет кандайдыр башка субъектинин кийлигишүүсү менен ишке ашат. Мисалы: Досуңду аздырбоого, душманыңды басмырлоого тырыш. («Кыргыз Туусу») Грамматикалык ээ башкаруучунун, буюруучунун, башкаларды иштетүүчүнүн милдетин аткарып калат, кыймыл- аракетти, ишти, өзү аткарбайт. Кыймыл-аракет, иш, башка бирөө тарабынан аткарылат.
Кыргыз тилинде аркылуу мамилени уюштуруучу грамматикалык каражаттар бир топ арбын:
-дыр: бастыр-, ойдур-, күлдүр-, өстүр-, жактыр-, саттыр-, тарттыр-, айттыр-, жедир-, качтыр-, кактыр-, учтур-, соктур-, өптүр-, билдир- ж.б.
-кар (-ар): башкар-, аткар-, куткар-, сугар-, бүткөр-, өткөр-, чыгар-, кайтар- ж.б.
-каз: кутказ-, откоз-, өткөз-, көргөз- ж.б.
-кыз (-ыз): тургуз-, отургуз-, жеткиз-, билгиз-, киргиз-, жаткыз-, эмиз-, угуз-, тамыз-, агыз-, жегиз- ж.б.
-кыр: жаткыр-, жеткир-, житкир- ж.б.
-ыр: качыр-, какыр-, житир-, кечир-, кемир-, батыр-, бүтүр-, ичир-, кетир-, учур- ж.б.
-сөт: көрсөт- (бир эле этиш сөздө колдонулат)
-т: аңдыт-, байкат-, байыт-, бошот-, жогот-, кайыт-, токтот-, канат-, кемит-, кемирт-, коркут-, көбөйт-, кулат-, күчөт-, санат-, семирт-, тырмат-, үркүт- ж.б.
Аркылуу мамиле этиштерде кыймыл-аракеттин ким тарабынан аткарылганына жана кантип аткарылганына жараша өзгөчөлүктөр болот.
Сүйлөмдөгү кыймыл-аракет реалдуу субъект, башкача айтканда, грамматикалык ээ тарабынан аткарылат. Мисалы: Айланайын балам, тезирээк кел! (М.Макенбаев) Аттарды аса байлап каңтарып, таң ашыргыла. («Ала Тоо»).
Сүйлөмдөгү кыймыл-аракет логикалык субъект, башкача айтканда, грамматикалык объект тарабынан аткарылат. Мисалы: Бул көпүрө биздин ата-бабаларыбыздын күчү менен курулган.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008