Эрежелер›Морфология›Этиш›Кош мамиле
Кош мамиле
Кош мамиле кыймыл-аракеттин бир нече субъектилер тарабынан биргелешип аткарылгандыгын билдирет. Кош мамиле этиштер ар дайым көптүк сан маанисин кошо ала жүрөт. Анткени, кыймыл-аракет эки же андан көп субъектилердин биргелешип аракет кылуусунун натыйжасында аткарылат. Мисалы: Экөөнү тең Касымга кас душман кылып пайдаланышты. (С.Станалиев) Кыймыл-аракетти (пайдаланышты) жалгыз эмес, бир нече субъект аткарып жатат, башкача айтканда, бир нечеси пайдаланышты.
Эки сааттын ичинде далай сөздөрдү сүйлөштүк. (К.Жантөшев) Кыймыл-аракетти (сүйлөштүк) аткарган субъектилер бир нече болуп жатат. Аракет биргелешип жүрдү.
Кыргыз тилинде этиштин кош мамиле маанилери төмөндөгүдөй жолдор менен уюшулат.
- Кош мамиле маанилери -ыш мүчөсү менен уюшулат. Мисалы: Анын ишааратын байкаган берки экөө да бата кылышты. (М.Макенбаев) Менимче, баары тең өз кайгыларын жазышкан. (К.Жусупов) Сүйлөмдөрдөгү кыймыл-аракеттер (бата кылышты, жазышкан) бир нече субъектилердин биргелешкен аракетинин натыйжасында аткарылып жатат.
- Кош мамиле этиштер атайын грамматикалык каражаты жок деле уюшула берет. Мисалы: Кечке маал Жанат экөөбүз кошулган койлорду бөлө баштадык. (М.Элебаев) Турмуштун оорчулугун кичинебизден тарттык. («Алатоо») Сүйлөмдөрдө кыймыл-аракеттин (бөлө баштадык, тарттык) аткарылышына бир нече субъектилер катышып жатат.
Биргелешкен аракетте адатта көптүк сан мааниси болот дедик, анткени, биргелешүүдө кыймыл-аракетти аткаруучу субъект жалгыз болбойт, эки же андан көп болот: Эки шер эки жактан тиштенишип, мээлешти жаздымы жок ташта жатып... (А.Токомбаев) Бул ишке күн мурунтан эле Красинди чектеп коюшкан. (К.Акматов)
Кош мамиле этиштерде жардамдашып аракет жасоо маанилери да болот: кармаш, көтөрүш, үн кошуш, иштеш ж.б. Мисалы: Бизге кошулуп жер казышсаңар боло.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Аркылуу мамиле