КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Туюк мамиле

Туюк мамиле

Туюк мамиледе кыймыл-аракетти аткарган субөект белгисиз бойдон калат. Сүйлөмдөгү субөект менен обөектиге карата кыймыл-аракет кандайдыр башка жактан келип таасир эткендей болот. Мисалы: Саясат деген дал ошол тарбиядан башталат, үгүт-насаат ишинен, ушак-айыңдан башталат. (С.Станалиев) Эч жылыбаган үйдө жүрөк жылыткан ырлар жазылды. (К.Жусупов) Сүйлөмдөрдөгү башталат, жазылды деген кыймыл-аракеттер саясат, ырлар деген грамматикалык субөектилерге багытталып, сүйлөмгө катышпаган башка бир белгисиз субөектилер тарабынан аткарылып жатат. Ошентип, кыймыл-аракеттин ким тарабынан аткарылганы белгисиз, туюк бойдон калып жатат.

Кыргыз тилинде  этиштин туюк мамиле маанилери төмөндөгүдөй жолдор менен уюшулат.

  1. Туюк мамиле маанилерин -ыл мүчөсү уюштурат. Берилген тапшырмалар аткарылган соң, студенттер театрга барууну чечишти. (Ш.Бейшеналиев) Тапшырмаларды, албетте, студенттер өздөрү аткарган, бирок бул сүйлөмдө тапшырмалар өзүнөн-өзү эле аткарылып калгандай маани берилип жатат. Ким тарабынан аткарылганы айтылбай туюк мамиле мааниси жаралды. Шаар өстү, бийик-бийик үйлөр курулду. («Эркинтоо») үйлөрдүн ким тарабынан курулганы белгисиз.
  2. Туюк мамиле этиштер  -ын мүчөсү менен  да уюшула берет. Мисалы: Тергөөчүнүн эмнени сурайын деген ою дароо эле билинди. (С.Станалиев) Бийерде да кыймыл-аракет (билинди) грамматикалык субөектиге (ою) багытталып, аны ким аткарганы, башкача айтканда, логикалык субөект белгисиз бойдон калды.

Комузду күүгө  келтирген колума кишен салынды. (Токтогул) Кишендин ким тарабынан салынганы белгисиз.

Туюк мамиледеги этиштер адатта өтпөс этиштик мааниде болот,   анткени   алар   эч   убакта   табыш   жөндөмөсүн   талап кылбайт. Алар негизинен атооч жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашып  келет:  Акылбектин  айтайын  деген  ою  дароо  эле билинди. Кыймыл-аракет (билинди) башка субөектиге өткөн жок. Тарсылдаган мылтык сүрүнө чыдай албай толкуган көч кайра  жапырылды.  (М.Элебаев)  Этиш  сөз  (жапырылды)  зат атооч (көч) менен ээрчишүү байланышы менен айкашып келди, бирок  кыймыл-аракет  объектиге  өткөн  жок,  грамматикалык субъектинин эле айланасында калып калды.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Аркылуу мамиле