Эрежелер›Морфология›Этиш›Өздүк мамиле
Өздүк мамиле
Кыймыл-аракет субъектинин өзүнө багытталып, анын өзүн кыймылга кириптер кылса, мындай этиштер өздүк мамиле этиштер деп аталат. Мисалы: Жыл айланган соң жатаканалуу мектептин негизги окуучусу катары кабыл алынды. (С.Станалиев) Ал чыгармачылыктын күлазыгын жаштайынан камдоого аракеттенди. (К.Жусупов) Мисалдардагы этиш сөздөр (кабыл алынды, аракеттенди) субөектинин өзүн кыймылга келтирип турат. Кыргыз тилинде этиштин өздүк мамиле маанилери төмөндөгүдөй жолдор менен уюшулат.
- Этиштин өздүк мамиле маанилери -ын мүчөсү менен уюшулат. Мисалы: Көп өтпөй сүрөтчүлөр союзунун төрагасы болуп шайландым. (К.Сактанов) Бактылуу жаңы келиндей баш алган эгин жүгүнөт. (О.Султанов) Чындыкты карай от үйлөсөң, өзүң тартасың азабын, абийир, ыймандан ажырап, өрттөнүп кетет сакалың. («Кыргыз Туусу»).
- Кыргыз тилинде этиштин өздүк мамиле маанилери -ыл мүчөсүнүн жардамы менен уюшулат. Мисалы: Эртеси көчтүн алды белге чыга берген кезде күн бүркөлдү. (К.Баялинов) Качыр-кучур деген дабышы күчөп барып, чоң карагай карс этип жыгылды. (Ж.Осмонкулов). Үч күндөн бери көз ачырбай жааган жамгыр басылып, күн ачылды.
- Этиштин -ылда (татаал куранды: -ыл-да) курандысы да өздүк мамиле маанилерин уюштурат. Мисалы: Заманың келди айланып, жаркылда, кедей, жаркылда! (Токтогул) Күп деп түшкөн бомбанын зарпынан жер солкулдады. (У.Абдукаимов).
- Өздүк мамиле маанилерин татаал мүчө -айын да уюштурат. Бул учурда кыймыл-аракеттин субөект тарабынан иштелгени ачык байкалып турат. Мисалы: Жалгызым, сенин жаныңды Жараткандан тилейин. («Жаныш, Байыш») О мурдуңдан ананайын, жакшы иштейт турбайсыңбы. (С.Сасыкбаев).
- Сүйлөмдө логикалык субөект катары «өз» деген аныктама ат атоочтун кошулуп айтылышы да өздүк мамиле маанилерин жаратат. Мисалы: Тим кой, балам, карындашың ыйлап-ыйлап өзү басылат. (З.Сооронбаева) Карс этип эшик өзү эле ачылып кетти.
- Сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойдон улам эле (контекстке жараша) өздүк мамиле маанилери жарала бериши да мүмкүн. Мындай учурдагы өздүк мамиленин мааниси солгунураак болот. Мисалы: Ай арасында сары кар түшүп, эки күн жатты. (Т.Сыдыкбеков) Таң менен кошо ойгонуп, бакажалбырак чогултканы жөнөйт. (М.Гапаров) Жаңы эле бычак тарта берерде, арыдан алардан көзүн албай чекирейип турган Суречки маарап ийди. (Ө.Даникеев)
Өздүк мамиле этиштер маанилери боюнча бири-биринен айырмаланган топтордон турат.
- Субөектинин өзүнүн аракети субөектинин өзүн кыймылга келтирет, башкача айтканда, кыймыл-аракетти аткарган заттын өзүнүн кыймылга келгени даана байкалат. Мисалы: Мазар болсо, кыя өтпөйт, сыйынат. (К.Жантөшев) Түнкатар молдонун тили такыр байланды. (К.Жантөшев) Мисалдарда кыймыл-аракетти (сыйынат, байланды) сүйлөмдөрдүн ээлеринин өздөрү (көмүскөдөгү мен, экинчи сүйлөмдө тили) аткарып, анын натыйжасы өздөрүнө келип тийип жатат.
- Өздүк мамиле этиштер субөект тарабынан аткарылган кыймыл-аракеттин кайталанышын билдирет. Бул маанилер этиш сөздөрдүн лексикалык маанисинде эле болот. Мындай этиштер сан жагынан өтө эле аз: чамын-, темин-, сөгүн-, кагын- ж.б. Мисалы: Ансайын болбой теминет. Кыймыл-аракетти (теминет) аткарып жаткан кишинин өзү кыймылдап, анын кыймылы кайталанып жатат.
Уңгунун мааниси менен салыштырып караганыбызда -ын мүчөсү тутумунда бар этиштерде кандайдыр жаңы маани бардай сезилет. Бул көрүнүш мамиле мүчөлөрүнүн, негизинен, куранды мүчөлөрдүн катарына кошула бербей, белгилүү деңгээлде жаңы сөз жасоо касиетине да аздыр-көптүр ээ экендигин айтып турат.
Өздүк мамиле этиштерде дайыма өтпөстүк маани болот. Анткени, аракеттин натыйжасы башка затка өтпөстөн субөектинин өзүнө багытталып, өзүндө кала берет. Мисалы: Шаарда бир эле жыл жашап көп нерселерди үйрөндүм. (К.Акматов) Маңдай тер катуу төгүлсө, ырыскы өзү келет. (Б.Усубалиев).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Аркылуу мамиле