КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Негизга мамиле

Негизга мамиле

Негизги мамиле этиштер сүйлөмдөгү аракеттин субъект тарабынан аткарылып, анын натыйжасы объектиге  же  башка бир түшүнүккө субъект тарабынан багытталып турганын көрсөтөт. Мисалы: Азыркы сөзүңүздү официалдуу түрдө четке кагам. (Т.Абдумомунов) Мындай кудурет-күчтү жараткан бир гана энеге берген. (М.Макенбаев) Күн менен түндү бирдей көрдүк. (К.Жусупов). Сүрөттү көргөндө жаш кезиндеги ойноп- күлгөнүнүн баары эсине түштү. (М.Мураталиев).

Этиштин терс маанилери да кайсы бир башка мамиленин мүчөсү жалганбай келсе, негизги мамиледе болот. Сенин калп мекиренгениңе намысымды сатпайм! Мен башкага да, өзүмө да өмүрү калп айткан жан эмесмин. (Т.Абдумомунов).

Этиш сөздөрдөгү негизги мамиле маанилери этиштик негиздин (уңгунун) өзүндө эле болот. Анткени, негизги мамиленин өзүнө тиешелүү грамматикалык каражаты жок. Туунду жана тубаса этиштердин бардыгы ошол турпаты менен эле негизги мамилени түзөт. Грамматикалык сан, чак жана жак маанилердин көрсөткүчтөрү негиздин (уңгунун) өзүнө эле жалганып келе берет. Мисалы: Жайында мен атам менен Таласка бардым. Жайында сен атаң менен Таласка бардың. Жайында Жумагул экөөбүз атам менен Таласка бардык. Жайында Жумаш менен Байыш атасы  менен  Таласка барышты.

Бардык башка мамилелерди уюштуруучу грамматикалык каражаттар негизги мамиле этиштерге жалганат. Мисалы: Айгүл чачын жууду. Мисалыбызда жууду деген этиш сөз негизги мамиледе турат. Анткени, кыймыл-аракет грамматикалык субөектинин өзү тарабынан кадыресе аткарылды. Эгерде Адилет таза жуунду десек, жуунду деген этиштеги -н(-ын) мүчөсү негизги мамиле этишке жалганды да өздүк мамилени уюштурду (өздүк мамиле тууралуу ылдыйда айтылат). Айнагул кызына пол жуудурду деген мисалда да жуудурду деген этиште аркылуу мамиленин -дыр мүчөсү негизги мамиле этишке жалганды (аркылуу мамиле тууралуу ылдыйда айтылат).

Негизги мамиледе грамматикалык ээге дайыма логикалык субөект дал келет, башкача айтканда, кыймыл-аракет грамматикалык ээнин өзү тарабынан аткарылат. Токтогул эрдин кымтып, ойго бата түштү. (Т.Касымбеков) Сүйлөмдөгү кыймыл-аракет грамматикалык ээнин (Токтогул) өзү тарабынан ишке ашты. Мына ошол грамматикалык ээнин өзү - логикалык субъект.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Аркылуу мамиле