Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
Жандоочтор маанилик жактан жөндөмө мүчөлөр менен тыгыз байланышат. Алар атооч сөздөрдөн же этиштин атоочтук жана кыймыл атооч формаларынан кийин келип, алардын башка сөздөр менен болгон синтаксистик мамилесин көрсөтөт. Ошондуктан, биз жандоочторду кайсы жөндөмөдөгү сөздөргө айкаша тургандыгы боюнча өзүнчө топторго ажыратабыз.
Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор: аркылуу, бою, бойдон, боюнча, жөнүндө, менен, өңдүү, сайын, сыяктуу, тууралуу, шекилдүү ж.б. Мисалы: /й ичи көңүлсүз болгон соң, бир аз олтурган болуп биздер да талаага чыгып кеттик. (К.Тыныстанов) Эл үчүн, өмүр үчүн, жыргал үчүн кармашкан кайрандардын айттым даңкын. (А.Токомбаев) Эчкинин көркү төл менен, эгиндин көркү жер менен. (Токтогул) Мен аны сүрөт аркылуу төкпөй-чачпай элге жеткирсем деген үмүттөмүн. (Ч.Айтматов).
- үчүн жандоочу атооч сөздөргө, -ыш, -оо, -уу, -мак мүчөлүү кыймыл атоочторго, -ган, -бас мүчөлүү атоочтуктарга айкашып келип, максат, себеп, арноо, ылайыктоо маанилерин билдирет. Мисалы: Иштегениң бирөө үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн. (Макал) Мен деле кишиге дилим ак, дал ошол үчүн тиги курбум менин камымды көрдү. (Т.Сыдыкбеков).
- менен жандоочу зат атооч, ат атооч, затташкан сын, сан атоочтор жана -ган, -ар, -бас мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, сандык, мезгилдик жана мейкиндик, биргелешүү маанилерин билдирет. Мисалы: Беттин көркү нур менен, белдин көркү кур менен. (Барпы) Мейли, айланайын, мендей неменин башын таш менен эмес, төө тапан менен сүрсө экен. (М.Алыбаев).
Ушул эле маанилерде кыймыл атоочтор менен да айкаша бериши мүмкүн. Мисалы: Экватордо күн батыш менен караңгы кирет.
- аркылуу жандоочу зат атоочтор менен ат атоочторга айкашып келип, атооч сөздү объект катары көрсөтүп, кыймыл- аракеттин ишке ашышына ошол сөздөрдүн катыштыгы бар экенин билдирет. Мисалы: Мен аны сүрөт аркылуу төкпөй- чачпай элге жеткирсем деген үмүттөмүн. (Ч.Айтматов) Балыкчы аркылуу жүрүп олтуруп, Бишкекке кечинде жеттик. (Т.Адышева).
- сайын мезгил маанисиндеги атооч сөздөр, -ган мүчөлүү атоочтуктар жана айрым кыймыл атоочтор менен айкашып келип, кыймыл-аракеттин, процесстин, ал-абалдын кайталаныш же удаама-удаа аткарылыш маанилерин билдирет. Мисалы: Жыл сайын алма бышканда бирөө жеп кетет имиш. (Жомок) Сараң адам пул күткөн сайын калтырайт, соко тиши дың бузган сайын жалтырайт. («Кыргыз Туусу»).
Кээде орун маанисиндеги зат атооч менен да айкашат: Шаар сайын бирден ичип олтурсам, бат эле мас болуп калат экенмин. (М.Алыбаев).
- сыяктуу, сымак, сымал, өңдүү, шекилдүү, чалыш деген жандоочтор зат атооч, ат атооч, кыймыл атооч жана -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкашып келип, окшошуу, окшотуу маанилерин билдирет. Мисалы: Эй, Россия, Россия, бир боор энем, мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен. (А.Осмонов) Жары Күлсүнгө баш кошкону асты жер күркө сымак үйдө турчу. (Т.Сыдыкбеков). Орус чалыш бирөө алдыбыздан чыкты.
- жөнүндө, тууралуу жандоочтору атооч сөздөр жана кыймыл атоочтор менен айкашып келип, ошол сөздөрдү объект кылып көрсөтөт. Мисалы: Мен бул иш тууралуу силерге айтып берүүгө түздөн-түз милдеттүүмүн. (Ч .Айтматов).
- бою (боюнча) жандоочу атооч сөздөр, -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкашып келип, түшүнүктүн же ойдун объектини толук камтыган жагдайын билдирет. Мисалы: Түнү бою кирпик какпай олтуруп жазып чыктым.
- бойдон (боюнча) жандоочу -ган мүчөлүү атоочтуктар, айрым тактоочтор жана кээ бир атооч сөздөр менен айкашып келип, кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, кандайдыр касиетин билдирет. Мисалы: Учкан бойдон көздөн кайым болду. (Жомок) Ээ, Өмүке, баякы бойдон эле турбайсыңбы. (М.Алыбаев).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Атооч жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор