Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор
Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор: дейре, караганда, карай, карата, чейин. Мисалы: Бала таң атканга чейин тук этип уктаган жок. (Жомок) Автобус токтогонго чейин оозу тынбай какылдап келди. (Н.Байтемиров).
- чейин, дейре деген жандоочтор мезгилдик, мейкиндик маанидеги атооч сөздөргө, сан атооч, ат атоочторго, кыймыл атоочко жана -ган мүчөлүү атоочтуктарга айкашып келип, мезгил же аралык боюнча чектөө маанилерин билдирет. Мисалы: Балкашка чейин жүздөгөн километр мейкиндик жатат. (М.Макенбаев) Түшкө чейин сөзсүз келем деп кеткен бойдон жок. (Б.Усубалиев).
- карай (карата) жандоочу мезгилдик, мейкиндик, объект маанилериндеги зат атооч сөздөргө, ат атоочторго, тактоочторго жана айрым кыймыл атоочко айкашып келип, алар аркылуу туюндурулган нерсеге, объектиге бет алгандык маанисин көрсөтөт. Мисалы: Окуусун бүтөөр менен шаарга карай сызды. (М.Гапаров) Чогулгандар мени саал сүйбөгөндөй карашып, Токтогулга карай ыктай олтурушту. (Алымкул).
- караганда жандоочу бардык атооч сөздөргө, кыймыл атоочко жана -ган мүчөлүү атоочтуктарга айкашып келип, бир нерсени экинчи бир нерсе менен салыштыруу маанисин билдирет. Мисалы: Сага караганда ал активдүү көрүнөт.
- жараша атооч сөздөрдү, кыймыл атоочторду жана -ган мүчөлүү атоочтуктарды жандап келип, жандооч катары колдонулганда ылайыкташуу, төп келишүү, окшошуу маанилерин билдирет. Мисалы: Алыбек алына жараша. (Макал) Шартка жараша ушул жерден иштеп турайын дедим. (А.Саспаев).
жете атооч сөздөрдү жандап келип, жандооч катары колдонулганда мезгилдик жана орундук чектөө маанилерин билдирет. Мисалы: Айылга жете аттардын оозун тарттык
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008