КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Табыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор

Табыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор

Табыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор: бойлоп, бойлой, ката, көздөй.

  1. бойлоп, бойлой деген сөздөр атооч сөздөрдү жандап келип, жандооч катары колдонулат да бирге болуу, жанаша болуу маанилерин билдирет. Мисалы: Алар трубаны бойлоп жогору чыгышты. (К.Жантөшев). Жээк бойлой жогору барса, хандын кыздары чачтарын жууп жатышыптыр. (Жомок)
  2. ката атооч сөздөрдү жандап келип, жандооч катары колдонулганда аралык-мезгилдик маанилерин билдирет. Мисалы: Жолду ката шар аккан суунун добушу сөздү да жакшы угузбайт. (Н.Байтемиров).
  3. көздөй жандоочу атооч сөздөрдү жана кыймыл атоочторду жандап келип, багыт маанисин билгизет. Мисалы: Наристе бой жеткенде аргымак  минип, колуна өрмө  катчы алып, тоону көздөй чу койот. (К.Жусупов) Арыдан айылды көздөй келе жаткан калың топ дагы жакын кирип келди. (Т./мөталиев).
  4. карай (карата) деген жандоочтун табыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашып айтылган учурлары да бар: шаарды карай бет алды; үйдү карай жөнөдү.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008