КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Чыгыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор

Чыгыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор

Чыгыш жөндөмөсундөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор: ары, башка, баштан, бетер, бери, кийин, көрө, мурун, соң, тартып.

  1. ары, бери, кийин, мурун жандоочтору зат атооч, ат атооч жана -ган мучөлүү атоочтуктар  менен айкашып, мезгилдик, орундук маанилерди билдирет. Мисалы: Окууну бүткөндөн кийин эле ар кимибиз ар жакка тараганбыз. (М.Алыбаев) Шаарга келгенден бери купулга толо бир иш кыла элекмин. (Ш.Бейшеналиев) Андан ары чыга бериште үч киши туруптур.(К.Осмоналиев).
  2. башка жандоочу зат атооч, ат атооч, жамдама сан атооч, кыймыл атооч жана -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, алар аркылуу туюндурулган нерсени кыймыл-аракетке коошпоо, аралаштырбоо, алмаштырбоо маанилерин билгизет. Мисалы: Адамдан башка жөлөк жок, элден башка тирек жок. (А.Токомбаев) Сенден башка багар-көрөрүм жок, айланайын. (К.Жантөшев).
  3. бетер деген жандооч зат атооч, ат атооч, кыймыл атооч жана -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, күчөтүү жана кандайдыр сапатты арттыруу маанилерин билдирет. Мисалы: Атпай элдин баарысын душмандан бетер ойлойсуң. («Манас») Каадалуу коноктордон бетер көлдөлөңдөн барып орун алдык. (Т.Сыдыкбеков)
  4. соң жандоочу атооч сөздөр жана -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, мейкиндик, мезгилдик катыштарды же себепти түшүндүрөт. Мисалы: Көңүлү болгон соң бара берсин. (М.Гапаров) Мукаштар толук бир айдан соң Үрүмчүгө жетишти. (К.Тыныстанов)
  5. көрө жандоочу атооч сөздөр, кыймыл атоочтор жана -ган мүчөлүү атоочтуктар менен айкаша келип, кандайдыр терс же тангандык маанилерин билдирет. Мисалы: Ушундан көрө аскерге кеткеним артык эмеспи. (М.Гапаров)
  6. баштап, тартып деген сөздөр чыгыш жөндөмөсүндөгү атоочтор жана -ган мүчөлуү атоочтуктар менен айкашып жандооч катары колдонгондо, кыймыл-аракеттин башталыш ордун билдирет. Мисалы: Ошондон баштап Тыныстан баласын каапырлардын дин окуусуна бериптир деген сөз чыкты. (С.Станалиев) Эмки жумадан тартып сабактарыбыз көбөйөт. (Ж.Мавлянов)
  7. илгери, тышкары деген сөздөр да чыгыш жөндөмөсүндөгү атоочторду жана -ган мүчөлүү атоочтуктарды жандап келип, жандооч катары колдонулуп, кандайдыр мезгил, багыт же орун маанилерин билдирет. Мисалы: Бул окуя ошол баягы окуядан илгери болгон, балам. («Эркинтоо»)

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Чыгыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашуучу жандоочтор