КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Бөлүкчөлөр

Бөлүкчөлөр

Сүйлөмгө, же сүйлөмдөгү кайсы бир сөзгө кошумча грамматикалык маани, маанилик бир касиет, маанилик өзгөчөлүк алып келүүчү кызматчы сөздөр бөлүкчөлөр деп аталат.

Мисалы: Күтсөм да силерди мен калдым көрбөй. (А.Токомбаев) Бул анын тек сырт кешпири, сырт көрүнүшү. (Т.Сыдыкбеков) Табгач каны жообуз эле, он ок каны жообуз эле, баарынан күчтүүсү - кыргыз каны жообуз болду. (Т.Сыдыкбеков).

Кыргыз тилиндеги бөлүкчөлөрдүн бир тобу чыныгы бөлүкчөлөр болуп саналат (го, да, өтө, эң, эч, гана, түк, ным, дегеле, турсун, түгүл, турмак, тургай, чылк ж.б.), калгандары сүйлөмдө аткарган кызматына, туюндурган грамматикалык маанисине жараша гана бөлүкчө болуп, өтмө бөлүкчөлөр деп аталат (аябай, жалаң, гой, деген, белем, такыр, кудум, бейм, нак, как, так, ары, эми, тек, өңкөй ж.б.).

Бул акыркы топтогулардын бардыгы тилдин жандуу көрүнүшүндө бөлүкчөлөр болгону менен алар өздөрүнүн келип чыккан тегин жогото элек, кээде башка бир сөз түркүмүнүн кызматында да болуп калышы мүмкүн. Мисалы: аябай > ая, -ба, -й; гой > кой- (этиш сөз); деген > де-, -ган; белем > -бы, эле,-м ж.б.

Булардын ичинен нак, ары, эми, дагы, тек деген сыяктуулары кээде тактооч да болуп кызмат кыла берет. Таанып турам, мен көргөн кишинин нак өзү. Алганды алгандай нак төлөйбүз. Биринчи сүйлөмдө нак бөлүкчө, экинчисинде (нак) кантип? деген суроого жооп берип, тактооч болуп турат.

Бөлүкчөлөрдүн маанилери грамматикалык маани болгону менен аларда абстракттуулук бар, кандайдыр бир сөз менен айкашып келгенде гана алардын маанилери даана билинет. Жеке өз алдынча турганда алардын маанилери байкала бербеши да мүмкүн. Мына ошондуктан бөлүкчөлөрдүн маанилерин биз алар айкашып турган сөздөр аркылуу же ошол сүйлөм туюндурган ой аркылуу аныктайбыз.

Бөлүкчөлөр, биз жогоруда белгилегендей, грамматикалык маани берет. Алардын көпчүлүгү айрым сөздөргө гана эмес, бүтүндөй сүйлөмгө да грамматикалык маани бере алат. Өздөрү айкашып келген сөзгө же өздөрү катышкан сүйлөмгө чектөө, күчөтүү, божомолдоо, ырастоо, тактоо, аныктоо, тануу, суроо сыяктуу кошумча грамматикалык маанилерди ыйгарат.

Кыргыз тилинде бөлүкчөлөрдү алардын берген маанилерине жараша бир нече топторго бөлүштүрөбүз.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Бөлүкчөлөр