КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Чектегич бөлүкчөлөр

Чектегич бөлүкчөлөр

Чектегич бөлүкчөлөр кандайдыр бир затты, белгини, касиетти же кыймыл-аракетти башка заттардан, белгилерден, касиеттерден же кыймыл-аракеттен ажыратып, бөлүп, чектеп көрсөтүү маанилерин кошумчалайт. Буга гана, эле деген бөлүкчөлөр кирет.

Мисалы: Ал жай экөөнө гана буюрган. (Ч.Айтматов) Мурат мына азыр гана акылына киргендей, эрезеге эми гана жеткендей эле. (Ө.Даникеев) Эки жыл мурда эле бизге «катчы карма» деген кагаз келген. (Т.Касымбеков).

Чектегич бөлүкчөлөр аныктап-чектөөгө, кыялданууга жакын маанилерди да билдириши мүмкүн: Биерде эмне деген гана окуялар болбоду! (Ө.Даникеев) Ырчы ырдатып жыргайм деп олодум эле. (К.Маликов).

Кыргыз тилинде чектегич бөлүкчөлөр кээде өзгөрүп, жак мүчөлөрдүн толук түрүн кабыл алып, сүйлөмдө баяндоочтун тутумуна да кирип кетет.

Мисалы: Эй, тууган жер,... оболтодон сен ганасың бешиги, ойлоп келсем, атам менен баламын. (К.Маликов) Ошондогу ырдаган сен элесиң, угуп турган биз элебиз. (М.Элебаев).

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008