КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Күчөткүч бөлүкчөлөр

Күчөткүч бөлүкчөлөр

Күчөткүч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөргө же өздөрү катышып турган сүйлөмгө күчөтүү, апыртуу, ашыра көрсөтүү маанилерин кошумчалайт. Алар: абдан, аябай, өтө, эң ж.б.

Мисалы: Өтө сабырдуулук менен Эр-Киши жайды туюндурду. (Т.Сыдыкбеков) Жылдыздардын эң чоңу, эң сулуусу сенсиң. (Ч.Айтматов) Анын ушу отурушу абдан сулуу көрүнөт. (Н.Байтемиров).

Күчөткүч бөлүкчөлөргө дегеле, дым, жалаң, ным, огеле, өңкөй, өңчөй, такыр, түк, чылгый, чылк, чымкый, чым деген сыяктуу сөздөр кирет: Дегеле эчтемени кыртышы сүйбөйт. (Н.Байтемиров) Мен сизден түк эч нерсе күтпөймүн. (А.Токомбаев) Сулуу чылгый жибек кийимдей, жүгөрүлөр шуудураган убагы. (К.Маликов) Буроо, труба - бардыгы чылк темирден. (А.Токомбаев).

Кыргыз тилинде күчөткүч бөлүкчөлөр негизинен сын атоочтор менен тактоочтордун күчөтмө даражасын уюштурат: дегеле сонун, абдан жакшы, абдан жакын, аябай сулуу, аябай эрте, өтө кооз, өтө алыс, эң бийик, эң жаман, огеле жакын, чылк алтын, чым кара, чымкый кызыл ж.б.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008