Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Аныктагыч-тактагыч бөлүкчөлөр
Аныктагыч-тактагыч бөлүкчөлөр
Аныктагыч-тактагыч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөрдүн же өздөрү катышып турган сүйлөмдүн маанилерине кандайдыр аныктык, тактык белги маанилерин кошумчалайт. Аныктагыч-тактагыч бөлүкчөлөргө да, дагы, дал, дале, кудум, нак деген сыяктуу бөлүкчөлөр кирет.
Мисалы: Иштин баары дал мен ойлогондой болду. Жаманчылык, мына момундай жалгыздыкты башынан өткөрбөсө, ким деле болсо ушу бейм? (Ө.Даникеев) Эгер өзүңүз адамгерчиликтен чыгып, мени да адамгерчиликтен чыгара турган болсонуз... Мына шамшар! (К.Жантөшев) Баягыда биз келип түбүндө көлөкөлөгөн арчанын дал өзү! («Мурас») Бөлүкчөлөр (деле, да, дал) айтылып жаткан ойлорго аныктык, тактык маанилерди кошумчалап жатат.
Аныктагыч-тактагыч бөлүкчөлөр адатта этиш сөздөр менен же баяндоочтук милдеттеги сөздөр менен айкашып келип, алардын маанилерине кошумча грамматикалык маани ыйгарат: Айтаарын айттым да баса бердим. Бардык да болгонун болгондой иштедик. Биз ойлогондун дал өзүндөй болуп чыкты. Деле баягы ордунда турат. Кудум Сапардын баскан- турганындай.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008