Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Таңгыч бөлүкчөлөр
Таңгыч бөлүкчөлөр
Тангыч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөргө же өздөрү катышып турган сүйлөмдөргө айтыла тургун ойду, фактыны тануу, жокко чыгаруу маанилерин кошумчалайт. Буга эч, тургай, турмак, турсун, түгүл өндүү бөлүкчөлөр кирет.
Мисалы: Ар бир адамдын айылы, Ата Журту эч бир элдикинен кем эмес. (К.Жусупов) Саймедиреп айтмак түгүл ооз ачкан жок. (Ж.Осмонкулов) Башка дүйнөдө эч иши жок өзүнчө алек. (Т.Сыдыкбеков).
Эч деген тангыч бөлүкчө сурама ат атоочтор менен кошулуп айтылып, тангыч ат атоочторду уюштурат: эч качан, эч ким, эч нерсе, эч кандай ж.б. Кээ бир сөздөрдө уңгуга кошулуп, сөз болуп биригип да кеткен. Мисалы: эчтеме, эчтеке.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Таңгыч бөлүкчөлөр