КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Сурама бөлүкчөлөр

Сурама бөлүкчөлөр

Сурама бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөргө же өздөрү катышып турган сүйлөмдөргө суроо маанилерин кошумчалайт. Сурама бөлүкчөлөргө ыя, я, ээ деген сөздөр кирет. Булар кээде ээ ыя, го ыя, го ээ деген өз ара айкалыштарда болуп, татаал формаларда да колдонула берет.

Мисалы: Сен таарындыңбы? Катуу таарындыңбы ыя? (Ч.Айтматов) Сен чочуп жатасыц го, ыя? (К.Бектенов) Бардык билгендеримди сага айттым ээ? (М.Макенбаев)

Башка топтогу айрым бөлүкчөлөр да контекстте келип, сурама маанилерди бериши мүмкүн: Шумдук адам го? (К.Маликов).

Сурама бөлүкчөлөр адатта суроо белги интонациясы менен айтылып, кээде жалгыз эле туруп бүтүндөй сүйлөм туюндурган ойду да туюндура берет:

  • Окууга кирип келдим.
  • Ыя?
  • Шаарга барып, окууга өтүп келдим дебатам.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008