КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Айкын өткөн чак

Айкын өткөн чак

Кыймыл-аракеттин болуп өткөндүгү, аткарылгандыгы эч кандай шекти туудурбай сүйлөөчүнүн көз алдында эле, же жакында эле болуп өткөндүгүн билдирип турган өткөн чак формалары айкын өткөн чак эташтер болушат.

Айкын өткөн чакты -ды (-ди, -ду, -дү) мүчөсү уюштурат. Мисалы: Иса бала кезинде балдар менен мал кайтарып жүрүп, мындай кактардан далай жолу суу ичкенин эстеди. (М.Гапаров) Адепки катуу топурак барган сайын борпоңдоп, анан бир топтон кийин чоттун уңгусу ташка тийгендей каңк этти. (А.Стамов).

Айкын өткөн чактын мүчөсү уңгу негизге да, туунду негизге да жалгана берет. Мисалы: Молдокеңизди үңкүр- маңкирлер кубалап кетти. (Т.Абдумомунов) Мында уңгу негизге уланып турат (кет-ти). Айылдан чыкпай айландың, досум, ашыглык кепке байландың, досум. (Барпы) Мында айкын өткөн чактын мүчөсү туунду негизге уланып турат (бай-ла-н- ды-ң).

Айкын өткөн чак этиштер төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди билдирет:

  1. Кыймыл-аракеттин жакын эле арада болгондугун билдирет. Мындай учурда кечээ, азыр, жана, бүгүн деген сыяктуу мезгилди билдирген сөздөр кошо айтылып, кыймыл- аракеттин аткарылуу чеги да көрсөтүлүп, такталышы мүмкүн. Кыймылдын али толук орун-очок ала электиги байкалат. Мисалы: Эки айдан бери акмалап жүрүп, мурдагы түнү Шапагын жайладым. (Т.Абдумомунов) Аңгыча  обочодо жалгыз олтурган аялдын бакырган үнү угулду. («АлаТоо») Азыр эле айттым, укпадыңбы? (К.Акматов)

Татаал этиштин тутумундагы жардамчы этишке -ды мүчөсү жалганып келсе да жакынкы айкын өткөн чак маанисин билдирет. Мисалы: Өөп, анан колундагысын  жерге  таштап, өзү да анын жанына отура кетти. (М.Гапаров).

Мезгил тактоочтор катышпай деле жакынкы өткөн чак маани бериле берет. Мисалы: Дарбаза дагы аяр чертилди. («Ала Тоо») Медициналык мекемелер жогорку жана орто билимдүү кадрлар менен толукталды. (А.Эркебаев).

  1. Былтыр, өткөн жылы, баягында, илгери деген сыяктуу бир топ мурда өтүп кеткен мезгилди билдирген сөздөр менен айкашып келип, кыймыл-аркеттин биз сүйлөп жаткан учурдан алда-канча мурда болуп өткөндүгүн баяндайт. Мындай учурда да айкашкан сөздөрдүн маанилерине жараша кыймыл-аркеттин чеги такталып көрсөтүлөт. Мисалы: Ошол эле жылдын аягында Сталинге Гитлерден телеграмма келди. (К.Сактанов) Айкын өткөн чак этиштер эле, бекен, беле жардамчы этиштер менен айкашып айтылганда да байыркы айкын өткөн чак мааниси туюндурулат. Мисалы: Бар кайратын салып, дагы бир жулунуп көрдү эле көзүнөн от чагылып кетти. (К.Маликов).
  2. Биз сүйлөп жаткан учурга тиешеси жок эле өткөн мезгилди билдирет. Мисалы: Жылкы тийип, эр өлүп, кун сураттың, замана. Бар малыңды алдырып, жокчулукка маң кылып, тунжураттың, замана. (Жеңижок).
  3. Айкын өткөн чак маани менен кошо кыймыл-аракеттин үзгүлтүксүздүгү да туюндурулат. Мисалы: Кай бири кадырлуу байлардын үйлөрүнө кирип жашынышты, а кай бирлери талааны карай качып баратты. (К.Жантөшев). Мен мылтыктын аралык өлчөгүчүн жетимиш беш метрге коюп көздөп калдым. (М.Гапаров).

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Айкын өткөн чак