Эрежелер›Морфология›Этиш›Айкын өткөн чактын жакталыштары
Айкын өткөн чактын жакталыштары
Этиштик негиз | Өткөн чак | Жекелик | Көптүк | |
| 1 | Жаз- (оку-, бер-, ж.б.) | -ды | -м | -к |
| 2 | Жаз- (оку-, бер-, ж.б.) Жаз- (оку-, бер-, ж.б.) | -ды -ды | -ң -ңыз | -ңар -ңыздар |
| 3 | Жаз- (оку-, -бер, ж.б.) | -ды -ышты | - | - |
Татаал формада айтылганда да мүчөлөрдүн ушул тартиби сакталат. Чак, жак мүчөлөрү экинчи тутумуна (жардамчы этишке) жалганат.
|
| Татаал этиш | Өткөн чак | Жек. сан | Көптүк сан |
| 1 | Келе (ойной) бер- Ичип (окуп) ий- (кой-) | -ды | -м (-дым) | -к (-дык) |
| 2 | Келе (ойной) бер- Ичип (окуп) ий-(кой-) | -ды | -ң (-дың) | -ңар (-дыңар) |
|
| Келе (ойной) бер- Ичип (окуп) ий-(кой-) | -ды | -ңыз (-дыңыз) | -ңыздар (-дыңыздар) |
| 3 | Келе (ойной) бер- Ичип (окуп) (кой-) |
-ды -ышты | - | - |
Айкын өткөн чак этиштер эле, бейм деген бөлүкчөлөр менен айкашып келгенде чак, жак көрсөткүчтөрү негизги этиштин өзүнө жалганат.
|
| Этиштик негиз | Өткөн чак | Жек. сан | Көптүк сан | Бөлүкчө |
| 1 | Бар- (кел-) | -ды | -м | -к | эле, бейм |
| 2 | Бар- (кел-) Бар- (кел-) | -ды -ды | -ң -ңыз | -ңар -ңыздар | эле,бейм эле, бейм |
| 3 | Бар- (кел-) Бар- (кел-) | -ды -ышты | - | - | эле,бейм |
Айкын өткөн чак этиштер окшойт, шекилди, көрүнөт деген сыяктуу сөздөр жана беле, бейм деген бөлүкчөлөр менен айкашып келип, кыймыл-аракеттин аткарылышындагы, болуп өткөнүндөгү күмөндүүлүктү билдирет: келди окшойт, айттың шекилди, байкадыңар окшойт, алдыңыз шекилди, алдык көрүнөт, уктуң беле, окудуңуз беле, келди бейм ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Айкын өткөн чактын жакталыштары