Эрежелер›Морфология›Этиш›Жалпы өткөн чак
Жалпы өткөн чак
Кыймыл-аракеттин биз сүйлөп жаткан учурдан мурда болгондугун аныктап, жалпылап баяндап берген өткөн чак формасы жалпы өткөн чак болот. Этиштин жалпы өткөн чагы -ган (варианттары: -ген, -гон, -гөн, -кан, -кен, -кон, -көн) мүчөсү менен уюшулуп, кыймыл-аракеттин учурдан алда канча мурда, же мурдараак болуп өткөнүн туюндурат. Мисалы: Ушуну менен башчы дагы бир жолу Сапарды сыйлаарын, ал эмне десе, ошону аткарууга даяр экенин билдирген. (Ж.Мавлянов) Тиги аял жууп жаткан эки кара чөйчөк, анын да биринин чети кетилип калган. (К.Жантөшев).
Эскертүү: -ган мүчөсү атоочтукту да уюштуруучу мүчө, бирок ал этиштин өткөн чагын уюштурган мүчө да болуп эсептелет. Атоочтуктун -ган мүчөсү менен этиштин өткөн чагынын -ган мүчөсүнүн ортосундагы айырмачылыктар тууралуу китептин атоочтуктар деген бөлүмүнөн караңыз.
Жалпы өткөн чактын айкын өткөн чактан маанилик жактан айрымасы бар.
Биринчиден, сүйлөмгө мезгилди билдирген кечээ, азыр, азыр эле, жана, жана эле, эми эле, бүгүн, өгүнү, былтыр, өткөн жылы, илгери, баягыда, атам заманда ж.б. сөздөр катышпаган учурда кыймыл-аракеттин аткарылышы жалпы өткөн чакта сөз болуп жаткан учурдан арыраак, илгерирээк болуп, кыймыл- аракет биротоло аяктаган сыяктуу мааниде жүрөт, ал эми айкын өткөн чакта берирээк, бизге жакыныраак болуп, кыймыл- аракеттин биротоло аяктаганы байкала бербей айтылат. Мисалы: айткан, үйрөнгөн, билген, окуган ж.б., айтты, окуду, билди, үйрөндү ж.б.
Биринчи топтогу мисалдардан (-ган) кыймыл-аракеттин биз сүйлөшүп жаткан жерден, кандайдыр алысыраак жакта аткарылганы, анын иштелген мезгили бизге таптакыр белгисиз экени, ал эми экинчи мисалдардан (ды), тескерисинче, кыймыл- аракеттин биз сүйлөшүп жаткан жерге кандайдыр жакын эле аралыкта аткарылганы, анын иштелген мезгили, натыйжасы бизге маалым болуп турганы көрүнүп турат.
Экинчиден, айкын өткөн чакта кыймыл-аракеттин болуп өткөнүнүн ырастыгы, ишенимдүүлүгү биринчи планда турат, ал эми жалпы өткөн чакта кыймыл-аракеттин аткарылгандык фактысы менен натыйжасы биринчи планда турат. Адыл окуду, биз үйрөндүк, баарын билдим деген мисалдарда кыймыл- аракеттин болуп өткөндүгү айкын болуп, жакын эле арада окугандык, үйрөнгөндүк, билгендик ишенимдүү түрдө ырасталды. Ал эми Адыл окуган, биз үйрөнгөнбүз, баарын билгенмин десек, биринчи планга аткарылган кыймыл-аракеттин натыйжасы чагып, эчак эле окугандык, үйрөнгөндүк, билгендик баяндалды.
Эскертүү: Айкын өткөн чак менен жалпы өткөн чак мүчөлөрүнүн маанилери контекстте илгери, баягыда, өткөн жылы, былтыр, кечээ, бүгүн, азыр, жана, эми эле, жаңы гана өңдүү убакыттын биз кеп куруп жаткан учурдан канчалык деңгээлде узак же жакын экендигин аныктаган мезгилдик сөздөргө көз каранды болот.
Жалпы өткөн чак этиштер төмөнкүдөй грамматикалык маанилерге ээ болот:
- Кыймыл-аркеттин же баяндалган ал-абалдын сөз болуп жаткан учурдан алда-канча илгери болуп өткөндүгүн билдирет. Мисалы: Артынан келгендери бир кап унубузду өңөрүп, анысы аз келгенсип, атамдын бардаңкесин да тартып кетишкен. (С.Өмүрбаев) Ак жуумал бетине кан тээп, көздөрү коюуланып чыкканын анда-санда ага назары түшүп жүргөн Сапар байкаган. (Ж.Мавлянов).
- Мезгилди билдирген сөздөр менен кошо айтылып, кыймыл-аракеттин болуп өткөн учурун тактап көрсөтөт. Мисалы: 1925-жылы биринчи кыргыз газетасы «Эркин Тоонун» 6-санында «Зарыгам» аттуу ыры жарыяланган. (О.Сооронов).
- Сөз болуп жаткан учурга эч бир тиешеси жок эле өткөн кыймыл-аракетти да билдирет. Мисалы: Балбан болсоң жердей бол, баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген. (Т.Сыдыкбеков) Ноодун оозун тосуп, жыгач калак өйдө көтөрүлүп коюлган. (М.Гапаров).
- Кыймыл-аракеттин болуп өткөндүгү сүйлөөчүнүн турмуштук тажрыйбасынан алынып, ишенимдүү түрдө көрсөтүлөт. Мисалы: Жаныңды жебе, өгүнү сага айтканмын. (Н.Байтемиров) Баарын билип туруп келгенсиңер го. («Кыргызстан маданияты»).
- Жалпы өткөн чакка -дыр мүчөсү жалганып келсе, болуп өткөн кыймыл-аракетке божомол, шектүүлүк мааниси ыйгарылат. Мисалы: Өткөндүрмүн жаштан жайнап түрдөнгөн, өчкөндүрмүн оттуу көздөн ирмелген. (К.Сариева).
Жалпы өткөн чак этиштер жакталганда адатта жак мүчөлөрдүн толук түрү менен өзгөрөт. Биринчи жакта гана кээде кыскарган түрүн кабыл алган учуру болот.
|
| Этиштик негиз | Өткөн чак | Жекелик | Көптүк |
| 1 | Ойло- (кел-, кий-) | -ган | -мын (-м) | -быз |
| 2 | Ойло- (кел-, кий-) | -ган | -сың | -сыңар |
|
| Ойло- (кел-, кий-) | -ган | -сыз | -сыздар |
| 3 | Ойло- (кел-, кий-) | -ган (-ышкан) | - | - |
Татаал формада айтылганда да мүчөлөрдүн ушул тартиби сактала берет. Чак, жак мүчөлөрү жардамчы этишке (экинчи тутумуна) жалганат.
|
| Негизги этиш | Жардамчы этиш | Өтк. чак | Жек. сан | Көптүк сан |
| 1 | Келе Окуй Иштеп | бер- (жат-) сал- (кой-) жат- (жүр-) | -ган | -мын (-м) | -быз |
| 2 | Келе Окуй Иштеп | бер- (жат-) сал- (кой-) жат- жүр-) | -ган | -сың | -сыңар |
|
| Келе Окуй Иштеп | бер- (жат-) сал- (кой-) жат- (жүр-) | -ган | -сыз | -сыздар |
| 3 | Келе Окуй Иштеп | бер- (жат-) сал- (кой-) жат- (жүр-) | -ган (-ышкан) | - | - |
Жалпы өткөн чак этиштер эле, беле деген бөлүкчөлөр менен айкашып келгенде, чак мүчөсү (-ган) этиштин өзүнө жалганып, жак мүчөлөр ошол бөлүкчөлөргө жалганып жакталат.
|
| Этиштик негиз | Өткөн чак | Бөлүкчө | Жекел. сан | Көптүк сан |
| 1 | Бар- (кел-) | -ган | эле, беле | -м | -к |
| 2 | Бар- (кел-) Бар- (кел-) | -ган -ган | эле,беле эле,беле | -ң -ңыз | -ңар -ңыздар |
| 3 | Бар- (кел-) | -ган (-ышкан) | эле,беле | - | - |
Көрүнүп тургандай, жалпы өткөн чак этиштер жак мүчөлөрдүн толук түрү менен өзгөрөт. Жекелик сандын биринчи жагында гана кээде кыскарган жак мүчөнү кабыл алат. Эле, беле бөлүкчөлөрү менен айкашып келген татаал формалар жак мүчөлөрдүн кыскарган түрү менен өзгөрөт.
Жалпы өткөн чак этиштер -дыр мүчөсүн кабыл алып, кыймыл-аракеттин аткарылганында, болуп өткөнүндө кандайдыр божомолдун, кумөндүн бар экенин билгизет.
Мисалы: Мени кечир, мен артта калгам, а балким, алданып калгандырмын. (К.Тыныстанов) Күткөндүрсүң, келдим, эне, аманбы? Кучактачы, сүйчү беттен балаңды. (Ж.Турусбеков)
Жалпы өткөн чак этиштерге окшойт, шекилди, имиш, көрүнөт деген сыяктуу сөздөр жана беле, бейм деген бөлүкчөлөр айкашып келгенде да кыймыл-аракеттин аткарылышындагы, болуп өткөнүндөгү күмөндүүлүк маани билдирилет: келген окшойт, келген окшойсуңар, келген окшойсуз, байкаган окшойт, алган көрүнөт, көргөн имиш, байкаган имиш, уккан беле, алган көрүнөсүң, уккан белеңиз, келген бейм, алгансыңар шекилди, алган шекилди, айткан шекилди, бергенмин шекилди, көргөн сыяктанат ж.б.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы өткөн чак