Эрежелер›Морфология›Этиш›Капыскы өткөн чак
Капыскы өткөн чак
Мурун болуп өтүп, биз сөз кылып жаткан убакта эсибизге түшө калган кыймыл-аракет, ал-абалдарды билдирген этиштин өзгөргөн формалары капыскы өткөн чак деп аталат.
Ошол илгерки кыймыл-аракеттерди эстейбиз же эсибизге капыстан келе калат. Капыскы өткөн чакты -ып, -ыптыр (-ып -тыр) мүчөлөрү уюштурат. Мисалы: Э, балам, эмне деп жамандаганын билбейм, айтор жамандаптыр. (К.Жантөшев) Эки жыл илгери өздөрү менен кошо бир аялды ээрчите келишиптир. (М.Гапаров).
-ып мүчөсү
Чакчылдын -ып мүчөсүндө өткөн чактын мааниси бар экендиги чакчылдарда айтылат. -ып мүчөсү менен келген сөз сүйлөмдүн аягында келсе, баяндоочтук толук милдетти аткарат да, чакчыл болбой капыскы өткөн чак этиш болот. Анткени, мындай учурда этиш сөздөр эмне кылыпмын? эмне кылыпсың? эмне кылыпсыз? эмне кылыпсыңар? эмне кылыптыр? деген сыяктуу суроолорго жооп берип калат.
Мисалы: Мен ушундай билим алыпмын, мага бүт жер шары айкын көрүнүп тургансыйт. («Ала Тоо») Бүгүн кечикпей келипсиңер го. («Кыргыз руху»).
Капыскы өткөн чактын бул формасы биринчи жана экинчи жактарга гана карата айтылат. Ал эми үчүнчү жакка карата дайыма -ыптыр (-тыр) мүчөсү колдонулат. Жакталышта жак мүчөлөрдүн дайыма толук түрүн кабыл алат.
|
| Этиштик негиз | Өткөн чак | Жекелик | Көптүк |
| 1 | Кел- (бар-, жаса-) | -ып | -мын | -быз |
| 2 | Кел- (бар-, жаса-) | -ып | -сың | -сыңар |
|
| Кел- (бар-, жаса-) | -ып | -сыз | -сыздар |
| 3 | Кел- (бар-, жаса-) | (-ыптыр) (-ышыптыр) | - | - |
-ыптыр мүчөсү
Бул мүчө чакчылдын -ып мүчөсү менен божомол, шек саноо маанилерин берген -тыр мүчөсүнүн биригишинен пайда болгон. Ошо шек, божомол маанилер жоголгон эмес, капыскы өткөн чак ошол маанилерди өзүнө камтып ала жүрөт.
-ыптыр мүчөсү менен уюшулган капыскы өткөн чак этиштер жакталганда жак мүчөлөрүнүн дайыма толук түрү жалганат.
|
| Этиштик негиз | Өткөн чак | Жекелик | Көптүк |
| 1 | Кел- (бар-, жаса-) | -ыптыр | -мын | -быз |
| 2 | Кел- (бар-, жаса-) | -ыптыр | -сың | -сыңар |
|
| Кел- (бар-, жаса-) | -ыптыр | -сыз | -сыздар |
| 3 | Кел- (бар-, жаса-) | (-ыптыр) (-ышыптыр) | -сыз | -сыздар |
Капыскы өткөн чак этиштер төмөнкүдөй маанилерди билдирет:
- Болуп өткөнү бизге көрүнбөй, бирок аткарылганы жөнүндө биз кабардар болгон кыймыл-аракетти эске түшүрүү маанисин билдирет. Мисалы: Илгери-илгери, жер каймактаганда бир абышка кемпир болуптур. (Жомок) Сабыр менен Муктар экөө борбордон комиссия чакыртышыптыр. (Т.Абдумомунов).
- Биздин эсибизге түшкөн же, бизге белгилүү болгон кыймыл-аракеттин ушул кезге чейин уланып келе жатканын билгизет. Мисалы: Мына, карап отурса бала чагынан өз эмгеги, өз кесиби менен жашап келатыптыр. (Ч.Айтматов) Кийинки жолу келгенимде бала төрдө жалгыз ойноп олтуруптур. (А.Стамов).
- Болуп өткөн кыймыл-аракеттин, иштин жыйынтыгын билдирет. Мисалы: Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр. (Макал) Сурай-сурай Мекеге барыптыр, уяла- уяла кийин калыптыр. (Макал).
- Болуп өткөн окуяны, кыймыл-аракетти капысынан эстеп же капысынан билип алып, ишенүү, таңдануу, ыраазы болуу маанилерин билдирет. Мисалы: Болду, балам, болду, окупсуң. Түндө түшүмдө шар аккан бир чоң суунун боюнда жүрүпмүн.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Капыскы өткөн чак