Эрежелер›Морфология›Этиш›Адат өткөн чак
Адат өткөн чак
Өтүп кеткен, аткарылган кыймьш-аракеттин көп жолу кайталанганын же, көнүмүшкө айланып калганын билдирген этиштин өзгөргөн формалары адат өткөн чак деп аталат. Адат өткөн чакты -чу, -оочу (-уучу), -ышчу мүчөлөрү уюштурат.
Мисалы: Айтмакчы, уйкум келелекте телевизор көрчүмүн. (Т.Абдумормунов) Арабага түшүп алып, шаарга барышчу. («Кыргыз руху») Эстегендеринин баарын төкпөй-чачпай айтуучу эле, жарыктык. (К.Каимов)
Адат өткөн чактын мүчөлөрү (-чу, -оочу, -уучу) сырткы формасы боюнча атоочтуктун '(-чу, -оочу, -уучу) мүчөлөрүнө окшош. Бирок, булар берген маанилери менен бири-биринен айырмаланышат.
Эскертүү: Атоочтуктун -чу, -оочу, -уучу, -ышчу мучөлөру менен этиштин өткөн чагынын -чу, -оочу, -уучу, -ышчу мүчөлөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар тууралуу китептин атоочтуктар деген бөлүмүнөн караңыз.
Ошентип, адат өткөн чак этиштер өнөкөт болуп, улам кайталана берип өтүп кеткен кыймыл-аракетти билдирет. Мисалы: Башта эң тыкан, эң камбыл, бүйрө адам гана теше жерге арпа, буудай айдачу. (Т.Сыдыкбеков) Атам да, апам да, чоң атам да, баары тең талаада иштешчү. («Асаба»).
Адат өткөн чак кээде жалпы эле адаттагы сыяктуу ишти да билдирет да, мындай учурда суйлөмдө конкреттүү ээ катышпай калат. Мисалы: Чалгы дегенди мындай кармачу. Жамбыны чаап баратып ыргыта атчу.
Жакталышта адат өткөн чак жак мүчөлөрдүн толук түрүн гана кабыл алат. Айрым аймактарда (диалектилерде) көптүк сандагы биринчи жак кыскарган -чук формасында жолугат. Мисалы: Сабактан үйгө дайыма бирге кайтчук.
|
| Этиштик негиз | Өткөн чак | Жекелик | Көптүк |
| 1 | Өт- (байка-) | -чу (-оочу) | -мын | -быз |
| 2 | Өт- (байка-) | -чу (-оочу) | -сың | -сыңар |
|
| Өт- (байка-) | -чү (-оочу) | -сыз | -сыздар |
| 3 | Өт- (байка-) | -чү (-оочу) (-ышчу) | -сыз | -сыздар |
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Адат өткөн чак