Эрежелер›Морфология›Этиш›Келер чак
Келер чак
Кыймыл-аракеттин биз сүйлөп жаткан кезде али аткарыла элек экендигин билдирип өзгөргөн этиштин формалары келер чак деп атаиат. Башкача айтканда, келер чак келечекте аткарыла турган кыймыл-аракет же ал-абал болуп эсептелет. Мисалы: Тамчы бир тамса кумга сиңет, көп тамса көлгө куят. (Э.Турсунов) Муну канчалык көп адам билсе, мен ошончолук бактылуу болом. (Ч.Айтматов)
Кыргыз тилинде этиш сөздөрдүн баштапкы форма турушунда эле грамматикалык чак маанилери бар болот. Анткени алар биринчи жактын атынан экинчи жакка карата талап кылуу, буюруу мааниси менен кандайдыр кайрылуу иретинде айтылат. Ал эми талап кылуу, буюруу, кайрылуу маанилериндеги сөздөрдө кыймыл-аракеттин сүйлөшүп жаткан учурдан кийин боло тургандыгы, айтылган сөздүн соңунда аткарыла тургандыгы кошо жүрөт. Мисалы, ал-, бар-, бер-, бил-, бур-, де-, жай-, жак-, жан-, жап-, жат-, же-, жет-, жит-, жул-, жык-, жыл-, ий-, ил-, ич-, кайт-, кара-, кат-, кач-, көр-, мал-, ме-, мин-, ой-, оку-, олу-, сай-, сал-, сат-, сана-, тай-, так-, тап-, теп-, тил-, тол-, тур, тын-, ук-, ула-, ур-, ут-, уч-, үй-, чак-, чал-, чан-, чап-, эк-, эш- ж.б. этиш уңгулардын бардыгында тең кандайдыр аракетти тыңшоочудан талап кылуу менен бирге ар жагында кыймылдын келечекте аткарылышы жатат. Жардамчы (көмөкчү) этиштер уңгу түрүндө айтылган татаал формаларда да мына ушундай маанилер болот: айта кой-, уктай кой-, айта сал-, айта бер-, дей бер-, жүрө кой-, алып бер-, сүйлөй кой-, ж.б.
Келер чакта аткарылуучу кыймыл-аракеттин болушу бирде эч кандай шекти туудурбаса, бирде ачык болбой күмөндүү болушу мүмкүн. Мисалы: келем, келемин, келет, келет элем, келмекмин, келгиле, келермин, келерсиң ж.6. Бул мисалдардын бардыгы келер чак маанисин билдирип турат, бирок, алардын ар биринин маанисинде өзүнө гана тийешелүү бири-биринен өзгөчөлөнгөн айырмачылыктар бар.
Этиш сөздөрдүн келер чактык ушундай маанилеринен улам аларды айкын келер чак, арсар келер чак деп эки топко бөлөбүз.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Келер чак