Эрежелер›Морфология›Этиш›Айкын келер чак
Айкын келер чак
Айкын келер чакта алдыда боло турган, али ишке аша элек кыймыл-аракеттин аткарылышы же аткарылбашы шекти туудурбайт. Мисалы: 1) Сен эртең же бүрсүгүнү Тогузбулакка жөнөйсүң, кой быйыл ошондо кыштайт. (М.Элебаев) 2) Алмак түгүл, кылына тийе албайсың. (М.Элебаев). Биринчи мисалдын этиштериндеги кыймыл-аракеттин аткарылышында (жөнөйсүң, кыштайт) шек жок. Экинчи мисалдын этишиндеги (тийе албайсың) кыймыл-аракеттин аткарылбай калышына да шек кылбайбыз. Келечекте аткарыла турган кыймыл-аракеттер айкын болуп турат.
Айкын келер чак учур чактай эле чакчыл негиздерге тиешелүү жак мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу уюшулат. Ушул ык менен уюшулган айкын келер чак этиштер учур чактан төмөнкүдөй белгилери менен айырмаланат.
- Учур чак бардык чакчыл негиздерден жасала берип, дайыма татаал формада болот: бар-а жат-а-т, ойно-й берди, иште-п жүр-ө-м ж.б. Айкын келерчак болсо, -а, -й мүчөлүү чакчыл негиздерден гана жасалат да, дайыма жөнөкөй формада келет: бар-а-т, оку-й-мун, кел-е-сиң ж.б.
- Сүйлөм контексинде биз суйлөп жаткан учурду же алдыда келе турган мезгилди билдирген сөздөрдүн, сөз тизмектеринин катышуусу менен (азыр жазам, эртең келем, келечекте аткарасың, эмки жылы окууга барат ж.б.) айтылган жөнөкөй этиштер дайыма келер чакта болот. Эгерде биз сүйлөп жаткан учурду билдирген сөздөр, сөз айкаштары менен татаал формада (азыр жазып жатам, бүгүн окуп жатам ж.б.) айтылса, учур чак болот.
- Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашып келген этиштин женөкөй формалары да дайыма келер чакта болот: айылга барам, майрамга даярданабыз, окууга жөнөйт ж.б. Барыш жөндөмөсүндөгү сөздөр менен айкашып келген этиштин татаал формалары болсо, дайыма учур чакта болот: айылга бара жатам, майрамга даярданып жатабыз ж.б.
Айкын келер чак төмөнкүдөй грамматикалык маанилерди билдирет:
- Кыймыл-аракеттин жакын арада боло турганын билдирет. Мисалы: Бир маалда энеси кирип бир бакырды. (А.Стамов) Мунуң тергенин бүт алып келбейт, тияктан кайсайт. (Т.Сыдыкбеков). Мындай маанилерди билдирүүсүнө мезгилдик маани берүүчү сөздөр да кошумча тактык киргизет. Мисалы: Жакында суу агызабыз, жээгине тал тигебиз. (Т.Сыдыкбеков) Мен азыр эле ээрчитип келем! (К.Жантөшев).
- Айкын келер чак кыймыл-аракеттин келечекте аткарылар мезгилин тактабай деле билдире берет, башкача айтканда, келер чак маани абстракттуу болот. Мисалы: Аа, мен алчу сыйды сен аласыңбы? (С.Өмүрбаев) Үч жылдык баккан акымды төлөйт. (М.Элебаев) Жакшы элин өргө сүйрөйт, жаман көргө сүйрөйт. (Макал).
- Аткарылышы биз сүйлөп жаткан учурга мезгилдеш болгон келер чак маанисин да айкын билдирет. Мисалы: Мына билет, автобуска чыгып олтура бериңиз. («Мурас») Угуп жатам, балам, айта бер. («Алатоо»).
- Көнүмүш же адатка айланган кыймыл-аракеттин келечекте аткарылышын айкын билдирет. Мисалы: Ушинтип тишиңердин кирин соруп, ак ниет болуп отура бергиле. (Т.Абдумомунов). Андай кылбай жүргүлө! - деди жүзүн суутуп. (М.Элебаев)
Кыргыз тилинде этиштин айкын келер чагы төмөнкүдөй жолдор менен уюшулат:
- Чакчылдын -а, -й мүчөлөрү жана жак мүчөлөр аркылуу: бар-а-м, бар-а-мын, айда-й-т, айда-й-сың, ойно-й-буз, кел-е- сиңер, себ-е-сиз ж.б.
- -ганы чакчыл формасына чакчыл -а жана тиешелүү жак мүчөлөр жалганган жардамчы этиштердин кошулуп айтылышы аркылуу: айтканы жатам, үйрөнгөнү жатышат, тийгени турасыз, окууга киргени жүрөт, секиргени турат ж.б.
- -гын, -гыла (жак мүчөлөрү) аркылуу: көргүн, айткын, жүргүлө, ойлонгула, байкагыла, айта бергиле, отургула ж.б.
Айкын келер чак этиштер жак мүчөлөрдүн толук түрү менен да, кыскарган түрү менен да өзгөрө берип, эки башкача жакталышка ээ болот. Биринчисинде бардык жактарда негизден кийин чакчыл мүчөсү катышат.
|
| Этиштик негиз | Чакчыл | Жекелик | Көптүк |
| 1 | Айт- (бер-, тара-) | -а (-й) | -мын (-м) | -быз |
| 2 | Айт- (бер-, тара-) | -а (-й) | -сың | -сыңар |
|
| Айт- (бер-, тара-) | -а (-й) | -сыз | -сыздар |
| 3 | Айт- (бер-, тара-) | -а (-й) | -т | (-ыш-а)-т |
Экинчи учурда биринчи жакка гана чакчыл мүчө катышып, экинчи, үчүнчү жактарга чакчыл мүчөлөрү катышпайт. Бул жакталышта экинчи, үчүнчү жактар айкын келер чактын буюруу маанилеринде болот.
|
| Этиштик негиз | Чакчыл | Жекелик | Көптүк |
| 1 | Айт- (бер-, тара-) | -а (-й) | -мын (-м) | -быз |
| 2 | Айт- (бер-, тара-) | - | -гын | -гыла |
|
| Айт- (бер-, тара-) | - | -ыңыз | -ыңыздар |
| 3 | Айт- (бер-, тара-) | - | -сын | -ыш (-сын) |
Экинчи жактын жекелик түрү кээде -гының, -гыныңыз (айткының, айткыныңыз) болуп да айтылып калат.
Айкын келер чак этиштер сурама форманты (-бы) менен да өзгөрүп айтыла берет. Мисалы: Өзүңдөн башканы, эмне, келесоо ойлойсуңбу? (Ж.Мавлянов) Деги, адамчасынан отурсак бирдемке болобу? (Т.Абдумомунов).
Айкын келер чак этиштер терс формаларда да айтылат. Мисалы: Кеңешип кескен бармак оорубайт. (Макал) Бул күнү үйдө олтуруп кур калыш болбойт. (М.Элебаев).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008