Эрежелер›Морфология›Этиш›Арсар келер чак
Арсар келер чак
Кыймыл-аракеттин келечекте болор-болбошу күмөн болуп айтылган этиштин келер чак формалары арсар келер чак деп аталат. Мисалы: Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болор. (Макал). Кой, болду эми, балаңды кара, мен таң ата келип калармын. (С.Өмүрбаев). Кабылган жолго жатарбы, катыларга катылбай, кадемим мындай катарбы? (Манас) Сен унутсаң, мени унутуп каларсың. (С.Акматбеков)
Арсар келер чак төмөнкүдөй грамматикалык маанилерде колдонулат:
- Кыймыл-аракеттин келечекте болушу же болбошу күмөн бойдон калат. Мисалы: Алы жок болсо, мен инилерин бербейм, алы келген кезде алып кетер. (М.Элебаев) Мезгил өтсүн, булар унутулсун, анан калганы акырындап орду-ордуна келер. (С.Станалиев).
- Көнүмүшкө айланган кыймыл-аракеттин болор- болбошун баяндайт. Мисалы: Жакшы менен жүрсөң, жетерсиң муратка, жаман менен жүрсөң, каларсың уятка. Жаман жигит жоого алдырар, жаман сөз доого калтырар. (Макалдар).
Кыргыз тилинде этиштин арсар келер чагы төмөнкүдөй жолдор менен уюшулат.
- -ар мүчөсүнүн этиштик негиздерге жалганышы аркылуу арсар келер чак жасалат. Мисалы: Сейит: Машина даяр, керек болгондо айтарсыз. (Т.Абдумомунов) Бара бергиле, артыңардан биз да барып каларбыз. (Э.Турсунов).Эскертүү: Бул мүчө атоочтуктун мүчөсүнө (-ар) окшош, ошондуктан, анын келер чак этиш, же атоочтук экендиги контекст боюнча аныкталат. -ар мүчөсү менен уюшулган келер чак этиштер сүйлөмдүн аягына келип, арсар келер чактагы кыймыл- аракетти билдирип, баяндоочтук милдет аткарат, этиштин суроосуна жооп берет. Ал эми -ар мүчөсү менен уюшулган атоочтуктар сүйлөмдүн аягына келбейт, дайыма атооч сөздөрдөн мурда келип, алардын касиетин билдирет, аныктоочтун милдетин аткарат, сын атоочтун суроосуна жооп болуп түшөт.
- Этиштик негиздерге -бас мүчөсүнүн жалганышы аркылуу арсар келер чак уюшулат. Мисалы: Балким мунун ичиндегилер айрым бир жолдошторго жакпас. (У.Абдукаимов) Элдүү түлкү ачка өлбөс. (Макал). Бул мүчө да атоочтуктун мүчөсүнө окшош. Ошондуктан, мунун да арсар келер чак этиш же атоочтук экени контекст менен аныкталат.
- Этиш сөздөргө имиш, экен, эле, эмес деген сөздөрдүн кошулуп айтылышы аркылуу да арсар келер чак уюшулат. Мисалы: /стүнө жан кирүүгө болбойт имиш. (Т.Абдумомунов) Кийими начар бала болсо болду, шарт кармап алып кете берет имиш. (К.Жантөшев) Ошондо үйгө чакырсам, келет белең? (Т.Сыдыкбеков) Минтип жүрсөң, окууңду быйыл да бүтөр эмессиң. (Ш.Бейшеналиев).
- Ниет ыңгай этиштер арсар келер чак маанисин билгизет. Мисалы: Жана да көбүн көрмөкмүн, жаралган болсом канатчан.(Барпы) Сураштырып көрсөм, Абыл бармак экен. «Бул жалган» деп газетага макала жазып, же радиодон чыгып сүйлөмөкчүсүңбү? (Т.Абдумомунов).
- Суроо маанисинин мүчөсү (-бы) да арсар келер чакты билдириши мүмкүн. Мисалы: Олдо айланайын кулунум аи! Сенден тирүүлөй айрылчумунбу? (С.Өмүрбаев).
- Тилек ыңгай этиштер (-гай) да арсар келер чак маанисин туюндурат: келгейсиз, баргайбыз ж.б.
- Божомолдогуч бөлүкчөлөр кошулуп айтылган учурда да арсар келер чак маанилери уюшулат: келем го, келет го ж.б.
Арсар келер чак этиштер жак мүчөлөрдүн толук түрү менен өзгөрүп жакталат.
|
| Этиштик негиз | Келер чак | Жекелик | Көптүк |
| 1 | Айт- (ойло-) | -ар (-бас) | -мын | -быз |
| 2 | Айт- (ойло-) | -ар (-бас) | -сын, | -сыңар |
|
| Айт- (ойло-) | -ар (-бас) | -сыз | -сыздар |
| 3 | Айт- (ойло-) | -ар (-бас) | - | (-ыш) -ар (-бас) |
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Арсар келер чак