КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Этиштин жасалышы

Этиштин жасалышы

Этиш сөздөрдүн морфологиялык курамы өтө ар түрдүү. Уңгу этиштер да, туунду этиштер да (анын ичинде татаал этиштер да) арбын. Туунду этиштер сөз жасоонун морфологиялык жана синтаксистик жолдору менен жасалат.

Этиштердин морфологиялык жол менен жасалышы атооч уңгуларга, этиш уңгуларга жана тууранды сөздөргө этиштин курандыларынын жалганышы аркылуу жүзөгө ашат.

Синтаксистик жол менен жасалган этиштер маселеси бир топ татаал. Анткени, кыргыз тилинде кыймыл-аракет жана ал- абал маанилердин көпчүлүгү татаал формаларда ишке ашат. Бирок, ошол татаал формалардын биротоло сөз болуп, сөздүктөрдүн реестринен орун алыш маселеси азырынча так чечиле элек. Чынында арта сал-, тура тур-, түшө кал-, келе бер-, иче кой-, иштей бер-, окуп чык-, ырдап кой- деген сыяктуу толуп жаткан «айкалыштарда» биротоло лексикалашкан маанилер бар. Мисалы: Айтор, өткөн-кеткенди айтышып отуруп, кечтин кандай өткөнүн да сезбей калыптырбыз. (М.Алыбаев) Мисалдагы сезбей калыптырбыз деген татаал этиштин түгөйлөрүнүн ар бирин өзүнчө алып кароого болбойт.

«кечтин кандай өткөнүн калыптырбыз» десек, сүйлөмдөгү маани таптакыр бузулат. Сөзсүз түрдө «кечтин кандай өткөнүн сезбей калыптырбыз» деш керек. Демек, «сезбей кал-» өзүнчө сөз деңгээлинде турган «айкалыш» болуп, татаал сөз укугуна ээ.

Этиштин татаал формаларындагы так чечиле элек мындай маселелерди ачык калтырдык. Анткени, татаал этиштер темасы, жогоруда айтылгандай, кыргыз лингвистикасында өз изилдөөчүсүн күтуп турган тема болуп эсептелет.

Этиштин синтаксистик жол менен жасалышы тууралуу жогор жакта «татаал этиштердин түрлөрү» деген темада айтылды (карагыла).

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Этиштин жасалышы