КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Этиш›Этиштердин морфологиялык жол менен жасалышы

Этиштердин морфологиялык жол менен жасалышы

Куранды мүчөлөрдүн жардамы менен уюшулган этиштер морфологиялык ыкма менен жасалган этиштер болушат. Этишти жасоочу курандылар, башкача айтканда, этиштин курандылары:

  • атооч сөздөрдөн этишти жасоочу курандылар,
  • этиш сөздөрдөн этиш жасоочу курандылар,
  • тууранды сөздөрдөн этиш жасоочу курандылар

болуп ажыратылат.

Айрым куранды мүчөлөр атоочтордон да, этиштерден да, атүгүл тууранды сөздөрдөн да этиш жасай бериши мүмкүн. Мындай өзгөчөлүктөр китепте мүмкүн болушунча эске алынды. Куранды мүчөлөрдүн өздөрүнүн да алардын сөз жасоо мааниси менен сөз жасоо мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык өнүмдүү, аз өнүмдүү жана өнүмсүздөрү айрым-айрым келтирилди.

Кыргыз тилиндеги дээрлик бардык куранды мүчөлөр уңгудагы (негиздеги) тыбыштарга карата өзгөрүп кетип, бир нече варианттарда колдонулат. Төмөндө алардын өзгөрүүлөргө учураган ар түрдүү варианттары эске албай, баштапкы формасы деп эсептелген түрлөрү гана эске алынды.

 

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Этиштердин морфологиялык жол менен жасалышы