КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Сын атооч›Этиштерден сын атооч жасоочу курандылар›Аз өнүмдүү курандылар

Аз өнүмдүү курандылар

-чаак курандысы өзү жалганган этиш сөздөгү кыймыл- аракеттин кишиде өнөкөт адат болуп кылгандык белгисин көрсөтөт: тарынчаак киши, мактанчаак бала, эринчээк адам, кызганчаак аял, урушчаак кошуна ж.б.

-ыңкы курандысы аныкталгычтын кандайдыр бир кыймыл-аракеттик абалга дуушар болгондук касиетин билдирет: бозоруңку өң, салыңкы кабак, жүдөңкү кебете, көтөрүңкү үн, кубарыңкы жүз, азыңкы абал ж.б.

-гыч курандысы аныкталгычтын кайсы бир кыймыл- аракетке жөндөмдүү, шыктуу экендигин билгизет: сезгич орган, көрсөткүчкурал,  соргуч  кагаз,  көрөгөч  көз,  жазгыч  акын, байкагыч оюнчу ж.б.

-анак (-анаак) курандысы жаныбарларга тиешелүү өнөкөт белгилерди билдирет: сүзөнөк (-сүзөнөөк) уй, кабанак ит, тебенек жылкы, качанаак ат.

-ыш курандысы аныкталгычтын кандайдыр башка зат же түшүнүк менен жалпылыгы бар экендик касиетин билдирет: окшош киши, тааныш бала, бураш жыгач.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Аз өнүмдүү курандылар