Правила›Морфология›Имя прилагательное›Этиштерден сын атооч жасоочу курандылар›Аз өнүмдүү курандылар
Аз өнүмдүү курандылар
Орусча котормосу жок / Русского перевода нет
-чаак курандысы өзү жалганган этиш сөздөгү кыймыл- аракеттин кишиде өнөкөт адат болуп кылгандык белгисин көрсөтөт: тарынчаак киши, мактанчаак бала, эринчээк адам, кызганчаак аял, урушчаак кошуна ж.б.
-ыңкы курандысы аныкталгычтын кандайдыр бир кыймыл-аракеттик абалга дуушар болгондук касиетин билдирет: бозоруңку өң, салыңкы кабак, жүдөңкү кебете, көтөрүңкү үн, кубарыңкы жүз, азыңкы абал ж.б.
-гыч курандысы аныкталгычтын кайсы бир кыймыл- аракетке жөндөмдүү, шыктуу экендигин билгизет: сезгич орган, көрсөткүчкурал, соргуч кагаз, көрөгөч көз, жазгыч акын, байкагыч оюнчу ж.б.
-анак (-анаак) курандысы жаныбарларга тиешелүү өнөкөт белгилерди билдирет: сүзөнөк (-сүзөнөөк) уй, кабанак ит, тебенек жылкы, качанаак ат.
-ыш курандысы аныкталгычтын кандайдыр башка зат же түшүнүк менен жалпылыгы бар экендик касиетин билдирет: окшош киши, тааныш бала, бураш жыгач.
Источник: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Аз өнүмдүү курандылар