Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Божомолдогуч бөлүкчөлөр
Божомолдогуч бөлүкчөлөр
Божомолдогуч бөлүкчөлөр айкашып келген сөздөрдүн же өздөрү катышып турган сүйлөмдөрдүн маанисинде кандайдыр шек, божомол, күмөн бар экендигин билдирет. Булар бейм, белем, го деген бөлүкчөлөр.
Мисалы: Кудайым чындап берген бейм, арстаным Манас келген бейм. («Манас») Изат экөө кыйналышат го, унааң бар, аларды ала кет. (Ө.Даникеев).
Божомолдогуч бөлүкчөлөргө имиш (миш) деген сөз да кирет. Муну айрымдар модалдык сөздөргө кошуп жүрүшөт. Биздин оюбузча, ал өзүнүн табияты боюнча бөлүкчөлөргө жакын турат: Дагы бир черик өлөсөлүү болуп калган имиш... (К.Жантөшев)
Божомолдогуч бөлүкчөлөр күмөн мааниси менен бирге суроо маанисин да кошо билдире бериши мүмкүн: Аскер кызматы ага жаккан белем? (Т.Сыдыкбеков).
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008