КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Жалыныч бөлүкчө

Жалыныч бөлүкчө

Жалыныч бөлүкчө айкашып келген сөздөрдүн же өздөрү катышып турган сүйлөмдөрдүн маанисине кошумча кандайдыр жалынуу, жагынуу, сурануу маанилерин билдирет. Жалыныч бөлүкчө бирөө эле: гой.

Мисалы: Айта гой, садага, уялба. (К.Акматов) Окуй гой, окуй гой, көпөлөгүм, окуй гой. (Т.Сыдыкбеков) Ырдай гой, айланайын.

Жалыныч бөлүкчө гой кээде какшык маанисинде да колдонулат: Суусун жок, бара гой, кагылайын... (Т.Сыдыкбеков) Анын жалынуу же какшык маанисинде колдонулганы тиешелүу сүйлөмдүн мааниси же тыныш белгилер менен контекстте аныкталат.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008