Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Кыялий-мамиле (модалдык) сөздөр
Кыялий-мамиле (модалдык) сөздөр
Сүйлөмдөгү айтылуучу ойдун чындыкка, акыйкатка, сөз жүрүп жаткан учурга карата болгон ар түрдүү катышы жөнүндө сүйлөөчүнүн көз карашын туюндурган сөздөр кыялий-мамиле (модалдык) сөздөр деп аталат.
Мисалы: Соту келдиби, башкасы келдиби, айтор, бир топ адамдар атасы менен келишип, Жусупту альт кетишкен. (С.Станалиев) Кыялий-мамиле сөз (айтор) сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн кыялында өзүнчө тыянак чыгарар мамиле-маанисин билдирди.
А балким, өзүнүн кемчилигин сезип уялып келаткандыр. (Т.Сыдыкбеков) Кыялий-мамиле сөз (балким) сүйлөмдөгү айтылып жаткан ойго карата сүйлөөчүнүн шек саноо, ишене бербеген кыял мамилесин билдирип жатат.
Кыялий-мамиле сөздөр төмөнкүлөр: айтор, албетте, арийне, балким, болжолу, дейм, жарыктык, керек, көрүнөт, кыязы, мүмкүн, окшойт, өңдөнөт, сөзсүз, сыягы, тийиш, чагымда, чамасы, чыгар, чындыгында, шекилдүү, шекилде, шексиз, ыктымал, ыраматылык, ырас ж.б.
Булардын модалдык сөздөр деп аталышынын себеби латын тилинин «модус» (кыргызча жол, ык, амал маанилерин билдирет) деген сөзүнөн келип чыккан. Кыялий-мамиле сөздөрдүн бардыгы модалдык маанилерди, сүйлөөчүнүн кыялындагы айтылар-айтылбас, туюлар-туюлбас ойлорду билдирет. Башкаларга багытталбай, кишинин өзүндө кала бере турган мамилелерди туюндурат.
Кыргыз тилинде кыялий-мамиле сөздөр тутумдук түзүлүшү боюнча негизинен маани берүүчү сөз түркүмдөрүнөн келип чыккан сөздөр болуп эсептелет. Айрымдарынын (балким, мүмкүн, айтор, арийне ж.б.) түпкү уңгусу белгисиз болуп, таптакыр таанылбай калган. Айрымдарынын тутумунда түпкү уңгусу даана эле байкалып турат. Төмөндө алардын кээ бирлерин гана мисал кылып көрсөттүк.
Болжолу > болжол, -ы (таандык уланды).
Жарыктык > жары-, -ык (этиштик негизден атооч жасоочу куранды), -тык (атооч сөздөрдөн атооч жасоочу куранды).
Көрүнөт > көр-, -ын (өздүк мамиленин мүчөсү), -а (чакчылдын мүчөсү), -т (үчүнчү жактын келер чак маанисиндеги көрсөткүчү).
Чындыгында > чын, -дык (атооч сөздөрдөн атооч жасоочу куранды), -ы (үчүнчү жактын таандык уландысы), -нда (жатыш жөндөмөсүнүн уландысы).
Кыялий-мамиле сөздөрдү түпкү теги боюнча шарттуу түрдө атооч уңгулуу кыялий-мамиле сөздөр жана этиш уңгулуу кыялий-мамиле сөздөр деп экиге бөлөбүз.
Атооч уңгулуу кыялий-мамиле сөздөр: болжолу, кыязы, өңдөнөт, сөзсүз, сыягы, чагымда, байкашымча, чындыгында, шексиз, ыраматылык ж.б. Мисалы: Атам, ыраматылык, кумурсканын да уясын бузба дечү эле. («Кутбилим») Опур- топурга түшүп калышты, чагымда, душмандын алды көрүндү окшойт. (Т.Касымбеков).
Этиш уңгулуу кыялий-мамиле сөздөр: дейм, демек, жарыктык, көрүнөт, окшойт, тийиш, чыгар ж.б. Мисалы: Лекцияны калтырбай уктук, демек, даярдык бар. Кызыктуу аңгемелерден кеп салчу эле, жарыктык.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Кыялий-мамиле (модалдык) сөздөр