КыргызчаРусский

Эрежелер›Морфология›Кызматчы сөз түркүмдөрү›Кыялий-мамиле (модалдык) сөздөрдүн маанилери

Кыялий-мамиле (модалдык) сөздөрдүн маанилери

Кыялий-мамиле (модалдык) сөздөрдүн маанилери алар катышып турган  сүйлөмдун  бүтүндөй алкагын, ошол сүйлөмдөгү бүтүндөй ойду камтыйт. Алар сүйлөмдөгү ойдун, тигил же бул кыймыл-аракеттин ишке ашышынын мүмкүндүгун, ыктымалдыгын, зарылдыгын, ишенимдүүлүгүн, шектүүлүгүн жана ойдун аткарылышына карата ишенгендикти, күмөн санагандыкты, кайсы бир окуянын болгондугунун анык же болжолдуу экендигин билдирет.

Мына ушундай белгилери боюнча кыялий-мамиле (модалдык) сөздөрдү маанилик жактан төмөндөгүдөй топторго бөлүштүрүүгө болот.

  1. Ойдун чындыкка дал келүүсүн ырастап, кубаттап билдирүүчү модалдык сөздөр:  акыйкатта, албетте, арийне, дурус, сөзсүз, чындыгында, чынында, шексиз, ырас ж.б.

Мисалы: Арийне, Дөө-аке бул санаасын ачык айтса, ага Эр-Киши көнмөк эмес. (Т.Сыдыкбеков) Кыялий-мамиле сөз (арийне) сүйлөөчүнүн айтар оюн билинер-билинбес ырастоо мааниси менен коштоп айтылып жатат.

Ырас, Жапардын жүрөгүндө белгисиз бир сыр бар, же оор кайгы бар. (А.Токомбаев) Кыялий-мамиле сөз (ырас) сүйлөөчүнүн айтар оюн тактап, ырастоо маанисин кошумчалап билгизди.

Бул кызмат эң жогорку кызмат, албетте. (К.Баялинов) Кыялий-мамиле сөз (албетте) сүйлөөчү айткан ойду бекемдеп ырастоо маанисин билгизип турат.

  1. Ойдун чындыкка дал келүүсүнө божомол, шектүүлүк, ыктымалдуулук маани берүүчү кыялий-мамиле (модалдык) сөздөр: балким, болжолу, керек, кыязы, мүмкүн, өңдөнөт, сыягы, сыяктуу, чагымда, шекилдүү ж.б.

Мисалы: Кош болуңуз, балким дагы көрүшөрбүз. (А.Токомбаев) Кыялий-мамиле сөз (балким) ойдун келечекте дагы кайталанаарына божомол-ыктымалдык маани берип турат.

Мүмкүн, тиги бок жүрөк ошенткендир!.. (Т.Абдумомунов) Кыялий-мамиле сөз (мүмкүн) сүйлөмдөгү ойдун аткарылышына шек саноо ыктымалдуулук маанисин ыйгарып турат.

Кыязы, менден мурун да бир топ сөз болуп өтсө керек. (М.Элебаев) Кыялий-мамиле сөз (кыязы) айтылган ойго, болуп өткөн ишке шектүүлүк маани берип турат.

Балким, бүгүн кечке келип калар, баланын көкүрөк өйүгөн оюн түшүнгөндөй, жубата сүйлөдү Жумай. (М.Макенбаев) Кыялий-мамиле сөз (балким) айтылган ойго божомол- ыктымалдык маани кошумчалап турат.

Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008