Эрежелер›Морфология›Кыймыл атоочтор›Кыймыл атоочтор
Кыймыл атоочтор
Кыймыл-аракеттин, ал-абалдын же кыймыл жүрүшүнүн (процессинин) атын, аталышын билдирүүчү этиштик туунду формалар кыймыл атоочтор деп аталат. Мисалы: Менин да үй-жайым бар, дасторконум жайылуу, конок төшөгүм салынуу. (Ч.Айтматов) А көрөк тилегин куштардын келгиче саламат болушун. (С.Акматбекова).
Кыймыл атоочтор этиштин туунду формалары болуп эсептелет. Кыргыз тилинде атоочтуктар этиштик негиздерге -оо (-өө), -уу (-үү), -ыш (-иш, -уш, -үш), -мак (-мек, -мок, -мөк), -май (-мей, -мой, -мөй) деген мүчөлөрдүн жалганышы аркылуу жасалат.
Биз жогоруда белгилегендей, кээ бир түрк тилдеринде кыймыл атоочтор этиштин баштапкы формасы катары каралат. Кыргыз тилинде алар кыймыл-аракет, ал-абалдарды атагыч сөздөр болуп, этиштин өзгөчө формаларынын бири катары каралат.
Кыймыл атооч сөздөрдө негизинен түпкү маани этиш сөздөр менен байланышып, алар этиштик туундулар болгондуктан, берген лексикалык маанилери ошол кыймыл- аракетти, ал-абалды же процессти атоо болуп эсептелет. Ошондуктан, кыймыл атоочтор атооч сөз түркүмдөрүнө жакын болот. Алардын лексика-грамматикалык, материалдык тулкусунда атоо мааниси биротоло орун-очок алып, кыймыл- аракеттик маанилери жоголуп, бара-бара толук затташып, зат атоочко өтүп кетүүгө жөндөмдүү.
Азыркы кыргыз тилинде башта этиштин кыймыл атооч формасында болуп, бара-бара биротоло зат атоочко өтүп кеткен сөздөр өтө арбын: суроо, ойлоо, жазуу, окуу, улактартыш, күнбатыш, күнчыгыш, күрөш, согуш, чабыш, жүрүш-туруш, оймок, илмек, өрмөк, сокмок, чертмек, көзтаңмай, кызкуумай, канталамай, жамбатыш, барыш (жөндөмө), табыш (жөндөмө) ж.б.
Кыймыл атоочтордо атооч сөздөргө да этиш сөздөргө да тиешелүү касиеттер болот.
Булагы: «Кыргыз тилинин морфологиясы», 2008. Жалпы маалымат